Казакстанда кумшекер талашып чуу түшкөн элдин видеосу. Бийлиги эмне дейт

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүДүкөндөгү кумшекер. Архив
Дүкөндөгү кумшекер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2022
Жазылуу
Көкшетау шаарындагы супермаркеттин ичинде кумшекер талашкан адамдар аз жерден мушташып кете жаздаган.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Казакстандыктар жакынкы күндөрү кумшекер тартыштыгы жаралат деп ойлоп, көбүрөөк камдап алуу үчүн дүкөндөргө агылып барууда. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Россия 11-март күнү экономикалык санкциялардан улам кумшекерди экспорттоого алты айга тыюу салганын белгилеген. Ошол эле күнү казак бийлиги өлкөдөгү канттын кору үч айга жете турганын айтып, элди жайгарган.
Деген менен коңшу өлкөдө кумшекерге суроо-талап күчөп, баасы кымбаттап, дүкөндөрдө калбай калган. Мындан улам бир адамга ашыкча сатууга чектөө коюлган.
Мисалы, Көкшетау шаарында супермаркеттин ичинде кумшекер талашкан адамдар аз жерден мушташып кете жаздаган.
Ушундай эле ажиотаж Караганда жана Темиртау шаарларында болгон. Мындан улам канттын бир килограммы 500 теңгеге (80 сом) чыкканы айтылды.
Борбор калаа Нур-Султандагы дүкөндөрдө дагы кумшекер түгөнүп калганы байкалууда. Sputnik Казакстандын кабарчысы Петропавловск шаарына барып дагы тапкан эмес.
"Адамдар акылынан айныгандай болуп жатышат. Кумшекер көп, бирок баарына жетиш үчүн биз сатууга чектөө койдук", — деп айткан сатуучулардын бири.

Бийликтин жообу

Казакстандын соода жана интеграция министрлиги элдин ажиотаж болуп жатканын көрүп өлкөдө кумшекердин запасы бар экенин жана улам толукталып жатканын билдирди.
"Шекерге дифицит жок. Соода тармактарынын кампаларындагы запас үч айга жетет. Бүгүнкү күндө социалдык маанидеги товарларга дефицит жок. Аны менен катар кант өндүрүү жана импорттоо уланууда. Үч айдан кийин кумшекер калбай калат деген маалымат чындыкка дал келбейт", — деп билдирген.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда дагы айрым дүкөндөрдө кумшекер калбай калууда. Ал арада Айыл чарба министрлиги учурдагы запас 2,5 айга жетерин билдирди. Мындан сырткары, министрлер кабинети кумшекер менен суу майды импорттоодо кошумча нарк салыгын албоо чечимин кабыл алды. Ошондой эле ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн кант алып кирүүгө квота бөлүндү.
Өсүмдүк майы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Өсүмдүк майынын запасы канча убакытка жетет? Министрдин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0