Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Депутат: РФ менен сүйлөшүүгө катышкан украиналык делегация мүчөсү өлтүрүлдү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУкраинанын делегациясынын мүчөсү Денис Киреев (ортодо)
Украинанын делегациясынын мүчөсү Денис Киреев (ортодо) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Жазылуу
Украиналык ЖМКлар Киреев мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип жүргөнүн жазды. Азырынча бул боюнча расмий маалымат жок.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Александр Дубинский Украинанын Коопсуздук кызматы (УКК) Россия менен сүйлөшүүлөргө катышкан Украинанын делегациясынын мүчөсү Денис Киреев өлтүрүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи раундуна катышкан украиналык делегациянын мүчөсү Денис Киреев УКК тарабынан кармалып өлтүрүлгөн. Ал мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип жаткан. Киреев Клюевдердин (Андрей Клюев, Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо министрлигинин 2012-2014-жылдардагы маалымат катчысы – Ред.) адамы... Ал делегацияга кандайча мүчө болуп калганын президенттин кеңсесинен билгибиз келет", — деп Дубинский өзүнүн Telegram каналына жазды.
Украиналык "Обозреватель" басылмасы Киреев Украинанын Коопсуздук кызматы кармаган учурда өлтүрүлгөнүн жазып чыкты. Басылма ишенимдүү маалымат булагына таянып, Киреев мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип жүргөнүн кабарлады. Кээ бир ЖМКлар маркумдун сүрөтүн жүктөп жатышат. Анткен менен бул боюнча расмий маалымат жарыялана элек.
Беларустун аймагында 3-март күнү Россия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүсүнүн экинчи раунду болгон. Тараптар жарандарды эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридор түзүүнү жана азык-түлүк менен дары-дармек жеткирүүнү макулдашкан. Украина тараптын маалыматы боюнча, сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду келерки жумада өтөт.
Украина президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Зеленский НАТО менен Россиянын ортосуна от жагууга аракет кылып жатат
ДЭРдеги аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украинада тынч режим жарыялады
Жаңылыктар түрмөгү
0