00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стимул
Баркы жок жүндү балуу товарга айланткан ишкер айым
19:11
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Особый акцент
Особенности дистанционной работы – что важно знать сотрудникам и работодателям
20:11
50 мин
Ачык кеп
Кыргызстанды органикалык азык-түлүктү камсыздоо жаатында кандай механизмдер керек?
23:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Маматов: мектепке электрондук каттоо быйыл эки этап менен жүргүзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаведующий сектором информационного обеспечения Минобрнауки КР Расул Маматов
Заведующий сектором информационного обеспечения Минобрнауки КР Расул Маматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация секторунун башчысы Расул Маматов 6-7 жаштагы балдарды электрондук кабыл алуу өлкө аймагынын бардык мектептеринде ишке ашырыларын айтты.
2022-2023-окуу жылы республиканын бардык билим берүү уюмдарында баланы 1-класска каттоо "Мектепке электрондук кабыл алуу" автоматташтырылган системасы аркылуу ишке ашат. Быйыл системаны "Инфоком" мамлекеттик ишканасы модернизациялайт. Ал мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат базасы менен интеграцияланган. Бул ата-энелерге жеке документтерин тиркебөөгө мүмкүндүк берет. Система алардын мыйзамдуу жашаган жерин, башкача айтканда, паспортундагы дарегин автоматтык түрдө аныктап, кайсы окуу жайга тапшыра аларын көрсөтөт. Бул тууралуу Расул Маматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Маматов: мектепке электрондук каттоо быйыл эки этап менен жүргүзүлөт
Анын айтымында, мектепке каттоодо аскер кызматкерлеринин, этникалык кыргыздардын (кайрылмандар), билим берүү уюмдарында бир жылдан кем эмес иштеген мугалим жана кызматкерлердин балдарына артыкчылык берилет.

"Баланы мектепке электрондук каттоо быйыл эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта мектеп жайгашкан аймакта катталгандардын жашаган жери боюнча каттоо 11-апрелде башталып, июндун соңку жумасында бүтөт. Бул жерде микроучасток эске алынат. Мисалы, Бишкекте катталсаңыз дагы сиз каалаган мектеп менен катталган районуңуз дал келиши керек. Андай болбосо экинчи этапка каласыз. Бул учурда биринчи этап менен кирчүлөргө система көрсөткөн дарекке ылайык мектепти автоматтык түрдө чыгарат. Эгер ата-эне баланы башка мектепке берүүнү кааласа, анда экинчи этапты күтүшү керек. Ал эми экинчи этапта факт боюнча катталгандар 27-июндан баштап августтун аягына чейин балдарын мектепке каттатат. Эгер үйгө жакын жердеги мектептен орун калбай калса, анда ата-эне баланы башка жакыныраак, орун бар мектептерге бере алат. Баланы 1-класска каттоо үчүн системага mektep.edu.gov.kg дареги менен кирип, ата-энесинин биринин, баланын документте жазылган маалыматтарын жана ПИН номерин терүү керек. Ошондой эле өлкөдөн сырткары жүргөн ата-энелер балдарын электрондук түрдө каттай алат. Андан тышкары, ата-эне электрондук почта ачып коюусу зарыл. Анткени мектеп тууралуу маалымат ошол почтага келип турат", — деди Маматов.

Ал каттоого үлгүрбөй, керектүү документтерди тапшырууга жетишпей калган же окуу жылы ичинде көчүп келген ата-эне орун бар мектепти тандап, каттоого тура аларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0