Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Шольц: НАТО Украинадагы абалга байланыштуу аскердик чабуул жасабайт

© REUTERS / John Macdougall/ PoolГерманиянын канцлери Олаф Шольц
Германиянын канцлери Олаф Шольц - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Жазылуу
Германиянын канцлери Россия өзөктүк эң ири держава экенин айтып, коркунучту баалабай коюуга болбой турганын белгилеген.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Германия, НАТО жана башка мамлекеттер Украинадагы окуяларга байланыштуу аскердик кийлигишүүгө барбайт. Бул тууралуу Германиянын канцлери Олаф Шольц билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз аскердик чабуул жасабайбыз. Бул НАТО үчүн да, башкалар үчүн да туура кадам", — деген Шольц.
Ал ошондой эле кооптуу абал жаралганын белгилеген.
"Дүйнөдө өтө кооптуу абал жаралды, анткени бул согуш өзөктүк эң ири держава, Европанын көлөмү боюнча экинчи орунда турган Россия менен болууда. Буга байланыштуу коркунучту баалабай коюуга болбойт. Биз аскердик жол менен кийлигишпейбиз. Бул НАТОго да тиешелүү. Альянс мындай кадамга барбайт", — деди Шольц.
24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирген.
Андан соң Украина тарап сүйлөшүүнү сунуштап, Россия макул болгон. Алгачкы раунд Беларустун Гомель облусунда өтүп, делегациялар жетекчилик менен кеңешүү үчүн тарашкан. Ушуга чейин сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду күтүлүп жаткан.
Ал ортодо Россиянын Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы уланууда.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Россиянын достору көп, изоляциялоого болбойт
Жаңылыктар түрмөгү
0