Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аскаралиев: кооздук менен сулуулукту көрө билген адам гана дизайнер болот

© Sputnik / Табылды КадырбековДизайнер, зергер Залкар Аскаралиев
Дизайнер, зергер Залкар Аскаралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Жазылуу
Дизайнер, зергер Залкар Аскаралиев "Түшүмдө" аттуу кийимдер жана зер буюмдар коллекциясы кандайча жаралганын айтып берди.
Айылда туулуп-өскөн баламын. Кичинемден сүрөт тартып келем. Окуучулук кезимде сүрөт тарткандан тышкары алюминий зымдардан түрдүү буюмдарды жасай берчүмүн. Өзүмө зымдан шакек, билерик да жасап алдым. Бирок аларды мектепке тагынып барганга уруксат жок болчу. Ошентип дизайнерлик кесипти тандап, 2014-жылы студент кезимде республикалык деңгээлде жаш дизайнерлердин сынагы өтүп калды. Анын шарты боюнча коллекция кездемеден жасалбашы керек болчу. Мен зым жана полиэтилен баштыктарынан кийимдер коллекциясын жасап алып чыгып, биринчи орунду алгам. Ал жеңиш мага абдан дем берди. Бул тууралуу Залкар Аскаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Аскаралиев: кооздук менен сулуулукту көрө билген адам гана дизайнер болот
Анын айтымында, бардык нерседен кооздук менен сулуулукту көрө билген адам дизайнер боло алат, ал эми дизайнерлик кесип көп каражатты талап кылат.
"2,5 жылдан бери бир адамдын көлөкөсү түшүмдө мени муунтуп тынчтык бербей келет. Түш көрүп жатканымды сезип каршылык көрсөтсөм дагы ойгоно албайм. Ал көлөкө муунтканда мен караңгы бөлмөгө түшүп калам. Эшик издеп таппайм. Жалгыз эле терезеден кирген бир жарык нур "келечек бар, бул күн да өтөт" деп үмүт берип турчу болду. Ошентип 2-3 жылдын ичинде ушул түштү 25тен ашык ирет көрүп, аягында ага маани бергим келбей деле калды. Бир жолу түшүмдөн ойгонуп туруп эки-үч кадам таштагандан кийин артты карасам, төшөктө уктап жатам. Ошол көлөкөдөн качып жашаган жеримди алмаштырдым, үйдөгү керексиз буюмдарды ыргытып, куран окудум. Ошентип 5-6 айдай түш көрбөй калганда сүйүнүп, андан биротоло арылуу үчүн "Түшүмдө" аттуу коллекцияны жасадым. 2020-жылы эскиздерди толугу менен жасап койгом. Бирок пандемиядан улам коллекцияны 2021-жылы ноябрда гана чыгардым. Анда ошол көлөкөнүн элесин зымдан жасап аны кийимдерге бастырдым. Бул коллекция моюн оронгуч, ар кандай кийим (свитшот, көйнөк) жана аксессуарлардан турат. Коллекция КРдин дизайнерлер союзунун көргөзмөсүндө, Burana Fashion Week – Өзбекстандын Эл аралык мода жумалыгы жана Fashion Week Kyrgyzstan 2021 көргөзмөлөрүнө чыкты. Ошондой эле Россиянын Екатеринбург шаарындагы Эл аралык мода жумалыгында көрсөтүлүп, дизайнерлер жана мода искусствосун баалоочулар арасында чоң резонанс жаратып, жакшы бааларга ээ болду", — деди Аскаралиев.
Ал келечекти эркектерге арналган кийим жана аксессуарларды чыгарууга көбүрөөк басым жасай турганын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0