Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарындагы эмен багы. Архив
Бишкек шаарындагы эмен багы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Жазылуу
3-мартка караган түнү Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүнүн кээ бир райондорунда кар жаайт. Өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +10...+15, Талас жергесинде +9...+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көлдө +6...+11, ал эми Нарын аймагында 0...+5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +12...+14 жана Ош калаасында +14...+16 градуска көтөрүлөт.
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Жаз келди! Мартта аба ырайы кандай болот
Жаңылыктар түрмөгү
0