https://sputnik.kg/20220228/osh-shaary-turzimge-karazhat-bolundu-1062439818.html
Ошто туризмди өнүктүрүүгө 6 млн. доллар бөлүндү. Жасалчу иштердин тизмеси
Ошто туризмди өнүктүрүүгө 6 млн. доллар бөлүндү. Жасалчу иштердин тизмеси
Sputnik Кыргызстан
Эл аралык донордон келген каражатка бир топ долбоорлорду ишке ашыруу пландалган. 28.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-28T08:48+0600
2022-02-28T08:48+0600
2022-02-28T08:48+0600
кыргызстан
ош
туризм
каражат
парк
театр
аянт
оңдоо
https://sputnik.kg/img/07e5/06/1c/1053020814_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_b982aa9d45309f238d5b7a59f57e5232.jpg
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Ош шаарындагы туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан 6 миллион доллар бөлүндү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.Аталган банктын Ош облусунда жана шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун Байкоочу кеңешинин отуруму өтүп, бир катар долбоорлорду ишке ашырууга макулдук берилген.Ага ылайык төмөнкү иштер жасалат:2-этапта Нурматов көчөсүндөгү көпүрөдөн баштап А.Навои көчөсүндөгү "Достук" көпүрөсүнө чейин жасалат.Долбоорлор Кыргызстандагы коомчулукту өнүктүрүү агенттиги (АРИС) аркылуу ишке ашырылат.
https://sputnik.kg/20211217/meriya-osh-turistterdi-chakyrgan-rolikter-1060470311.html
https://sputnik.kg/20220220/turizmdi-onukturuuga-1-mlrd-som-bolundu-1062199407.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/1c/1053020814_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_4c9b49644e747d37a5d3fb0e18e6ff53.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ош, туризм, каражат, парк, театр, аянт, оңдоо
кыргызстан, ош, туризм, каражат, парк, театр, аянт, оңдоо
Ошто туризмди өнүктүрүүгө 6 млн. доллар бөлүндү. Жасалчу иштердин тизмеси
Эл аралык донордон келген каражатка бир топ долбоорлорду ишке ашыруу пландалган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Ош шаарындагы туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан 6 миллион доллар бөлүндү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Аталган банктын Ош облусунда жана шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун Байкоочу кеңешинин отуруму өтүп, бир катар долбоорлорду ишке ашырууга макулдук берилген.
Ага ылайык төмөнкү иштер жасалат:
Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын айланасындагы муниципалдык жерлерге туристтик–архитектуралык инсталляцияларды куруу;
Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу паркындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө;
Алишер Навои атындагы парктын бир бөлүгүнө эс алуучу аймак куруу;
Ош шаарынын борбордук аянтын реконструкциялоо;
Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөө, санитардык тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн долбоорлоо жана куруу.
2-этапта Нурматов көчөсүндөгү көпүрөдөн баштап А.Навои көчөсүндөгү "Достук" көпүрөсүнө чейин жасалат.
Долбоорлор Кыргызстандагы коомчулукту өнүктүрүү агенттиги (АРИС) аркылуу ишке ашырылат.
17 Бештин айы 2021, 17:33
20 Бирдин айы 2022, 14:12