Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Азимбаева: маникюр жасатууда гепатит жуктуруп алуу толук мүмкүн

© Sputnik / Асель СыдыковаРеспубликалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын диспансер кабинетинин башчысы Халида Азимбаева
Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын диспансер кабинетинин башчысы Халида Азимбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2022
Жазылуу
Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын диспансер кабинетинин башчысы Халида Азимбаева өлкөдө өнөкөт гепатит менен ооругандардын саны кескин өскөнүн айтты.
Гепатиттин А, Е түрүнө кабылбаш үчүн жашылча-жемишти сөзсүз жууп жеп, арыктан аккан кир сууну ичпей, отурган бөлмөнү таза кармап, ар бир адамдын өзүнө тиешелүү гигиеналык буюму болушу керек (тиш щётка, сүлгү). Ал эми оорунун В, С, D түрлөрүнөн оолак болуу үчүн башаламан жыныстык катнаштан качып, татуаж, маникюр, педикюр жасаган жабдыктар таза болушуна көңүл буруп, бирөөнүн тиш щёткасын, тарагын, устарасын колдонуудан алыс болуу кажет. Бул тууралуу Халида Азимбаева Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.
Азимбаева: маникюр жасатууда гепатит жуктуруп алуу толук мүмкүн
Анын айтымында, өнөкөт гепатиттин 90 пайызы циррозго жана боордун рагына алып келет.
"Кыргызстанда курч гепатит менен ооругандардын саны азайды, бирок өнөкөт гепатиттин В, С түрлөрү менен жабыркагандар көбөйүүдө. Анткени маникюр, педикюр процедурасында же тиш дарылоо учурунда да гепатит жуктуруп алса болорун көп адамдар биле бербейт. Дал ушул гепатиттин оор түрлөрү кан жана жыныстык катнаш аркылуу жугушун эскертип коюшум керек. Учурда сарык оорусуна каршы кээ бир дарылардын баасы абдан кымбат, эффективдүүлүгү дагы деле төмөн. Өнөкөт гепатит 90 пайыз циррозго жана боордун рагына алып келет. Бул учурда органды трансплантациялоого туура келет. Абдан кымбат операция ар дайым эле адамдын өмүрүн сактап кала бербейт. Андыктан кыргызстандыктарды гепатиттен коргоо үчүн калкты жалпы эмдөөдөн өткөрүү зарыл. 2000-жылдан бери төрөлгөн балдар улуттук календарь боюнча гепатитке каршы эмдөөдөн өткөн. Бирок эмгекке жарамдуу эл вакцина албагандыктан гепатит менен ооруп калуу коркунучу бар. Адам сарыктын В түрүнө каршы эмдөөнү бир ирет алып койсо (үч доза) өмүр бою гепатиттен корголгон болот. Азыр өлкөдө гепатитке каршы вакцина жеке клиникаларда эле (“Цадмир”, “Эдельвейс”, “Авиценна”, “Гиппократ” ж.б.) сайылат", — деди Азимбаева.
Ал гепатиттин кыйла оор түрлөрүнүн белгилери узак убакытка чейин байкалбай турганын эскертип, жылына бир ирет дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп коюу керектигин (Логвиненко 8, 2-кабатта референс-лабораториясында же жеке лабораторияда) кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0