Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сыдыков: Бишкекте жана Ысык-Көлдө футбол борбору курулат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков
Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Жазылуу
Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков Бишкек шаарында жана Ысык-Көлдө окуу-машыгууларды өткөрүүгө футбол борборун куруу пландалып жаткандыгын айтты.
Бардык шарты камтылган спорттук базаны 4-5 жылдын ичинде куруп бүтүү каралууда. Бул тууралуу Медербек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Сыдыков: Бишкекте жана Ысык-Көлдө футбол борбору курулат
Анын айтымында, борбордун ачылышы эл аралык мелдештерди өткөрүп, чет өлкөлүк командаларды да чакырууга мүмкүнчүлүк ачат.
"Кыргыз футбол союзу алдыда Бишкек жана Ысык-Көл облусунда заманбап талаптарга жооп берген футбол борборун курууну пландап жатат. Анткени Бишкекте оюнчулар Кант шаарында жайгашкан борбордо машыгып келишет. Бишкекте жашап, Кантка барып машыгуу өтө машакаттуу. Мындан тышкары, жай мезгилинде курама команда көл жээгинде окуу-машыгууларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө шарт түзүлмөк. Жер маселеси чечилип калса 4-5 жылдын аралыгында бардык шарты менен борборду куруп бүтөбүз", — деди Сыдыков.
Ошондой эле адис өлкөдө футболду өнүктүрүү боюнча 2020-2030-жылдарга карата стратегиялык план бекитилип, өспүрүмдөр, жаштар арасында абалды жакшыртуу жана курама командалар арасында Азия чөлкөмүндө алгачкы ондукка кошулууга аракет көрүлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0