Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Адис, технология бар. Шойгу Украинанын өзөктүк курал түзүү ниети жөнүндө айтты

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын коргоо министри Сергей Шойгу
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Жазылуу
Россиянын Коргоо министри Украина бийлиги Донбасстагы көйгөйдүү чечүү боюнча кандай кадамга барарын боолголоп, пикирин айтты.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинанын атомдук курал түзүү боюнча мүмкүнчүлүгү Иран жана Түндүк Кореяга караганда алда канча көп экендигин айтты.
Москвада Донецк жана Луганск республикаларындагы абал боюнча Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.
Россиянын коргоо министри Донецк жана Луганск облустары менен Украинанын чек арасында 59,3 миң украиналык аскерлер тургандыгын айтты.

"Киев, андан сырткары, техниканы топтоп жатат: ал жерде 354 танк, 2 000ден ашуун сооттолгон автоунаа, 820 артиллерия куралы жана минометтор, жалпы ата турган 160 реактивдүү система, "Точка-У" ыкчам-тактикалык ракета комплекси турат. Түнү боюнча бардык багыттарды карай 40тан ашуун атуулар болду. Адистердин баяндаганына таянсак, булар — атуу үчүн алдын ала белгилеп койгон жерлер. Капыстан ок чыгарышкан жок, кайсы жакты мелжеп жаткандыгын алдын ала билишет", — деди Шойгу.

Анын айтымына караганда, 19-20-февралда Донецк жана Луганск элдик республикаларды 107 ирет аткылашса, анын ичинен оор куралдардан ок жаадырышкан.
"Мунун баары олуттуу чагымчылдык же Донбасс боюнча күч колдонуу варианттары дардалып жаткандыгынан кабар берет. Диверсиялык топтор менен артиллериянын аракеттеринин жыйынтыгында Донецкиде суу такыр жок, ал эми Луганскинин үчтөн эки бөлүгүндө газ жок. Бул жерге аймакташ жашагандардын баары эвакуация болгонго аргасыз", — деп билдирген министр.
Ал Украина өзөктүк куралдуу өлкө макамын кайтарып алгысы келип жаткандыгын эске салган.

"Бул өтө коркунучтуу. Украинанын аймагында тактикалык өзөктүк курал пайда болушу мүмкүн, аны "Точка-У" ыкчам-тактикалык ракета комплекси алып жүрүшү мүмкүн. Украинанын атомдук курал түзүү боюнча мүмкүнчүлүгү Иран жана Түндүк Кореяга караганда алда канча көп. СССР убагында мындай куралды жана аны ташып жүрүүчү техниканы жасоого шарттар түзүлгөн. Өлкөдө адистер да, технология да бар", — деп белгилеген Шойгу.

Ал ДЭР менен ЛЭРдин эгемендүүлүгүн таануу демилгесин колдой тургандыгын айтты.
Донбасстагы абал акыркы күндөрү курчуп кетти. ДЭР менен ЛЭР украиналык күч түзүмдөрү тарабынан бир нече ирет аткылоо болгондугун билдиришкен. Аталган республикалардын башчылары Россиянын Ростов облусуна жарандарды убактылуу эвакуациялоо иштери башталгандыгын билдирген. ДЭР башчысы Денис Пушилин Украина президенти Владимир Зеленский жакынкы аралыкта аскерлерге Донбасска басып кирүү боюнча буйрук берерин айткан. Ишемби күнү эки республиканын лидерлери жалпы жарандарды мобилизациялоо туурасында жарлыкка кол койгон.
Украинанын чыгышындагы чатак дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.
РФ президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Донецк жана Луганскинин көз карандысыздыгы боюнча чечим бүгүн кабыл алынат
Украина аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ аскерлери чек арадан өтүп кеткен Украинанын эки аскер машинасын жок кылды
Жаңылыктар түрмөгү
0