Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровЫсык-Көл облусундагы жайлоо. Архив
Ысык-Көл облусундагы жайлоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Жазылуу
22-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Шейшембиде республика боюнча күн ачык болуп, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас аймагында +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көл өрөөнүндө +2...+7 градус жылуу болсо, Нарында -3...+2 градуска жетет.
Борбор калаада +12...+14, Ош шаарында +14...+16 градуска жетип күн ачык болот.
Ата Мекенди коргоочулар күнүн майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
23-февраль күнү Кыргызстанда аба ырайы кандай болот
Жаңылыктар түрмөгү
0