Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Талантбеков: "чий кетүү" деген таарынуу, иренжүүнү түшүндүрөт

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздүн маанисин чечмелеп берди.
Эпосто "чий кетүү" деген сөз бар. Ал таарынуу, иренжүү, көңүл калуу дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Талантбеков: "чий кетүү" деген таарынуу, иренжүүнү түшүндүрөт
Анын айтымында, бул сөздү түз чийге кетүү же чий терүү деген мааниде түшүнүп албаш керек.
"Манаста "чий кетүү" деген сөз бар. Ал көңүл калуу, иренжүү, кек сактоо, таарынуу деген мааниге ээ. Мисалы, айтылуу эпизоддо Чубак Алмамбетке "Бээжинге чалгын чаларда, каканга казат кылып барарда. Жаныңа жолдош кылып алып алгының, кыйшайганда колдош кылып алгының. Жан шеригиң Чубакты жолдош кылып алгының" деп Алмамбетке кайрылат. Ошондо Алмамбет жанына Чубакты жолдош кылып алууну ниеттенет. Бирок кийин Чубак жок болуп калып, Манастын сунушу менен чалгынга Сыргак барып калат. Ошондо Чубактан "чий кетти" деп айтылат. Мында таарынып, иренжип, көңүлү калгандан Алмамбетке көп сөз айтылат", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү колдонуу менен тилди байытууга болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0