Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Донбасс боюнча өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинде Путин эмне деди

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Жазылуу
Россия лидери 2014-жылы Украинадагы төңкөрүш антиконституциялык жана кандуу болгондугун, жашоочулардын көбү аны тааныбагандыгын эске салды.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Донецк жана Луганск элдик республикаларындагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Отурумдун максаты — Луганск менен Донецкинин алардын суверендүүлүгүн таануу өтүнүчүн эске алып, "Донбасс боюнча кадамдарды" аныктап алуу.

Эмне айтылды

Россия лидери Донецк жана Луганск элдик республикаларынын эгемендүүлүгүн таануу дүйнөдөгү, Европадагы тынчтык, коопсуздук маселесине тыгыз байланыштуу экендигин белгиледи. Россия башынан эле Донбасстагы карама-каршылыкты тынчтык жолу менен чечүү үчүн бардык аракеттерди жасап келе жаткандыгына токтолду. Путин 2014-жылы Украинадагы төңкөрүш антиконституциялык жана кандуу болгондугун, жашоочулардын көбү аны тааныбагандыгын эске салды.
Президент абал ушуну менен үчүнчү ирет курчуп жаткандыгын, мурдараак Киев бийлиги Донбасста жазалоо операциясын эки жолу өткөргөндүгүн баса белгиледи.

"Эгерде Украина НАТОго кирсе, кооптуулук Россия үчүн бир нече эсеге өсөт. Америкалык лидер Жозеф Байден Украинанын НАТОго кабыл албай тургандыгын айткан. Аны менен катар эле кандайдыр бир мораторий болушу керек. Бул жол бошотуу эмес, болгону Киевди альянска кабыл алууга даярдоо үчүн Батыштын пландарын орундатуу", — деген Путин.

Анын айтымына караганда, Киев Крымды алууга ниеттенип жатат, ал эми НАТО бул окуяга кошулууда.
"Тирешүүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн Россия АКШ жана НАТО менен ишин активдештире баштады. Биздин биринчи иретте жасай турганыбыз — өлкө үчүн маанилүү нерсе, конфронтация эмес, өнүгүү үчүн шарттарды жана коопсуздукту камсыздоо. Биз учурда жашап жаткан реалдуулукту түшүнүүбүз керек ", — деген президент.
Путин муну менен катар эле ТИМ жетекчиси Сергей Лавровго жана президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакка кайрылып, Донбасстагы абалга берилген баасын айтууну сурады.
Донбасстагы абал акыркы күндөрү курчуп кетти. ДЭР менен ЛЭР украиналык күч түзүмдөрү тарабынан бир нече ирет аткылоо болгондугун билдиришкен. Аталган республикалардын башчылары Россиянын Ростов облусуна жарандарды убактылуу эвакуациялоо иштери башталгандыгын билдирген. ДЭР башчысы Денис Пушилин Украина президенти Владимир Зеленский жакынкы аралыкта аскерлерге Донбасска басып кирүү боюнча буйрук берерин айткан. Ишемби күнү эки республиканын лидерлери жалпы жарандардыы мобилизациялоо туурасында жарлыкка кол койгон.
Украинанын чыгышындагы конфликт дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.
ДНР желектери менен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Луганск, Донецк республикалары Путинден алардын суверендүүлүгүн таанууну өтүндү
Украина аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ аскерлери чек арадан өтүп кеткен Украинанын эки аскер машинасын жок кылды
Жаңылыктар түрмөгү
0