Сокулукта унаа койгон окуучу кыздар микроавтобустун алдына кирип кеткен. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековТез жардам жана милиция кызматы. Архив
Тез жардам жана милиция кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Жазылуу
Кыздарды кагып кеткен айдоочу из жашырганы менен ошол эле күнү колго түшкөн. Наркологиялык экспертиза анын ичип алганын аныктаган.
БИШКЕК, 19-фев. – Sputnik. Сокулукта эки окуучу кызды Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунаа коюп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 18-февраль күнү, саат 7:20лар чамасында болгон.

“Батыштан чыгышты көздөй бара жаткан Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунаа жолдун четинде турган 15 жана 16 жаштагы эки окуучу кызды койгон. Катуу соккудан улам алар токтоп турган микроавтобустун алдына кирип кеткен. Айдоочу из жашырган”, - деди ЖКККББдан.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде айдоочу ошол эле күнү колго түшүрүлгөн. Наркологиялык экспертиза анын ичимдик ичип алганын аныктаган. Шектүүнүн автоунаасы айып короого токтотулуп, өзү камакка алынган. Ал эми ар кандай жаракат алган окуучулар Сокулук райондук ооруканасына жаткырылды.
Жолду өтүп бара жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2022
Бишкекте №138 маршрутка жол чийинден окуучу кызды кагып кетти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0