Көзүмө чөп салган аялымды кечире албаганыма кейийм. Жигиттин каты

© Фото / Pixabay/ Free-PhotosКол кармашып турган аял жана эркек. Архив
Кол кармашып турган аял жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына аялы менен ажырашып, бирок акыры арманда калган жигиттин каты жарыяланат.
Саламатсыздарбы! Аялым менен эки башка жолго түшкөнүмө абдан өкүнүп турам. Мындан төрт жыл мурун аялымдын башка бирөө менен жолугушканын көрүп ажырашып кеткем. Аялыма бир да жаман сөз айткан эмесмин. Болгону кийимдеримди жана баламды алып үйдөн чыгып кеткем. Ал кезде уулум беш жашта болчу. Азыр мектепте 3-класста окуп жатат. Баламды бир айдан кийин ата-энемдикине таштап, өзүм шаардан батирге чыгып иштеп жүрдүм. Ал кезде аябай ачуулуу элем. Жиним келип аялым чалса да телефонду албай жүрдүм. Анан ал иштеген жериме бир нече ирет келип, ыйлап кечирим сурады. Мен көгөрүп такыр кечире албай койдум. Укмак турсун көргүм келген жок. Ошентип акыры келбей да калды. Балабызды көргөнү бир эле жолу айылга барыптыр. Анда да апамдан тил угуп, балама жолугуп кайра кетиптир. Кийин баланы алып келип жолугуштургум да келген жок. Аны ошентип жазаламак болдум.
Арадан үч жыл өткөн соң турмушка чыкты. Аны менен да алты айдай жашап эле ажырашып кетти. Кайрадан мага келип кечирим сурап, "жарашалы" деп маңдайымда ыйлап турду. Бул ирет сүйлөштүм. Абалын, кебетесин көрүп боорум ооруду. Кантсе да бир кезде жакшы көрүп алган жубайым, баламдын апасы да. Ажырашкан себебин сурасам, аны ичинен мага салыштыра бергенин айтты. Анан да кол көтөрүптүр. Ошону менен эки башка жолго түшүшкөн экен.
Азыр аялым турмушка чыга элегинде кечирип, элдешип албаганыма өкүнөм. Эми мына балам эне мээримин көрбөй өсүп жатат. Үчөөбүз үч жакта калдык. Жашым да өтүп баратат. Кырктан кийин бирөөнү сүйүп-күйүп деле кете албайт экенсиң. Көктүгүмө салып, өзүмчүлдүгүм менен баламдын жашоосун, алтын уясын өз колум менен талкалап алгандаймын. Ооба, аялым да күнөөлүү. Бирок кечирим сурап далай жалдырады. Менин көктүгүм эле баламдын бактысынан жогорубу? Эми баары кеч. Турмуштан ажырашып келген аялыма кайра кантип үйлөнмөк элем. Жоро-жолдоштор да билет. Алардын сөзүнө терикпесем деле башка менен жашап келгенин унутуп, эч нерсе болбогондой жашай албайт экенмин. Же башка бирөөгө үйлөнүп эле өзүмчө жашап кетсем баары унутулабы? Кандай кылсам туура болот?
Педагог-психолог Айнек Муратбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Балага ата-энесинин ажырашканы эки курагында өтө оор тиет. Психологдун маеги
Муратбек Султанбеков, "Психоанализ КГ" психотерапия борборунун жетекчиси, психолог:
— Үй-бүлөнүн негизи — сүйүү. Сүйүүсүз бир дагы бүлө толук кандуу боло албайт. Ошондуктан сүйүшүп үйлөнгөн жаштар жашоосунда кандайдыр бир бактылуу ирмемдерди өткөрүшөт. Бул жубайлар да башында сүйүшүп үйлөнгөнү байкалып турат. Бирок турмуш ар кандай болот. Ажырашуунун себептери да ар түрдүү. Түгөйлөр да негизи 60 пайыз бири-биринен айырмаланып турат. Көз караштары да окшош болбойт.
Ортодо сүйүү болбосо, көңүл калышкандан кийин эле эки башка басып кетмек. Кайра жолугушууга каалоосу болбойт болчу. Менимче, баарын унутуп экөөнүн жарашып алганы эле туура. Себеби ортодо бала бактылуу болот. Кичинекей баланын мээсинде дайыма "ата, апа" деген ой жашайт. Ал экөөнө тең муктаж. Мындан тышкары, кырк жашта башка бирөө менен баш кошуп, ага көнүп, анын кыймыл-аракетин, кылык-жоругун, мүнөзүн сиңирип кетүү өтө кыйын. Үчүнчүдөн, жаңы катыш, жаңы чөйрөгө туш болосуң.
Жарашканда жакшы жашап, жаңы жашоо баштоо үчүн психологго кайрылып, баарын өз ордуна коюп, ойду иреттеп алуу керек. Эгер андай мүмкүнчүлүк болбосо, өткөндү эстебей алдыга гана умтулуу кажет. Жаңы жашоону жаңы кадам, дем, көз караш менен баштаган оң. Артка кылчактай бергенден пайда жок. Мурунку турмушун сурап, чукубаш керек. Ооба, эркектин оюна ар кандай нерселер келе берет. Бири-бирин чукуп, өткөндү козгоонун кереги жок. Болгону кечирип, кабыл алуу гана зарыл. Бул эмоционалдык жактан оңой эмес, эрк керек. Анан да башкалардын ою менен эсептешип отуруунун кажети жок. Бул сиздин жашооңуз.
Бир жагынан көпкө ажырашып кайра жашоонун пайдасы бар. Себеби бири-биринин баркын билип калышат. Кайрадан жакшы жашап кетүүгө аракет кылуу керектигин кеңеш катары айтар элем. Анан да алгачкы жылдары бири-бирине өтө этияттап мамиле кылуу абзел. Жарашып алуу азыр да кеч эмес, кайрадан жакшы жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Мектеп окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2022
Окуучу кезде кодуланганымдын азабын азыр да тартып келем. Үй-бүлөлүү жигиттин каты
Кары киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2022
Өз үйүмө батпай өгөйлөндүм, карылар үйүнө кетсемби? Кор болгон эркектин муңу
Жаңылыктар түрмөгү
0