Алтын экспорту 12 тоннага кыскарды, бирок жаңы кардарлар пайда болду

© AP Photo / Mike GrollАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Жазылуу
Соңку жылдары кыргыз алтынына негизги кардар болуп Улуу Британия эсептелген. Бирок 2021-жылдын июнь айынан бери ал товардын бул түрүн Кыргызстандан албай калган.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. 2021-жылы Кыргызстан 308 миллион долларга бааланган 5 тонна 646,7 килограмм алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Экспорт төмөндөдү

2020-жылы республика сыртка 17 тонна 669,7 килограмм алтын чыгарган. Анын баасы 987 миллион доллар болгон. Мындан улам былтыр экспорттун көлөмү 12 тоннага, акчалай алганда 679 миллион долларга төмөндөгөнүн көрүүгө болот.

Кайсы мамлекеттер сатып алды

Соңку жылдары кыргыз алтынына негизги кардар болуп Улуу Британия эсептелип келген. Бирок июнь айынан бери алар албай калды. Анча чоң эмес көлөмдө Түркия, Италия жана Россия алып жатты. Сентябрь айынан тарта булардын катарын Швейцария толуктады. Баса, бул мамлекет 2017-жылы Кыргызстанда өндүрүлгөн алтындын негизги кардары эле . Эмнегедир кийин ал жакка экспорт токтотулган.

Кардарлар канча көлөмдө алды

Улуу Британия — 4 тонна 81 килограмм (май айына чейин алышкан);
Швейцария — 1 тонна 99,7 килограмм (сентябрь-ноябрь);
Гонконг (Кытайдын административдик району) — 370 килограмм;
Россия — 33 килограмм;
Түркия — 35,7 килограмм;
Италия — 27,2 килограмм.
Декабрь айында дээрлик 377,3 килограмм алтын сатылды. Анын 370ин Гонконг, калганын Түркия алды.
Салыштыруу үчүн айта кетсек, 2020-жылы алтындын бардыгы Улуу Британияга жөнөтүлүп, 24 килограммы гана Түркияга тийген.

Алтын өндүрүү тармагындагы абал

Мамлекеттик органдар мурдараак эле 2021-жылы алтындын өндүрүшү бир аз төмөндөөрүн божомолдошкон. Мисалы, Экономика министрлиги Кумтөр жана Талды-Булак Сол жээк кендеринде казуу иштери алтын аз жерге жеткенин билдиришкен. Ошол эле учурда Жер-Үй (ишин баштады) жана Чаарат кендерин ишке киргизүү пландалган.
Эске салсак, былтыр Кумтөр кенине сырттан башкаруу киргизилген. Учурдагы жетекчилер штаттык режимде иштеп, планды толтурууну көздөп жатканын айтууда.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
Акылбек Жапаров Кумтөр маселеси качан аягына чыгарын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0