Камила Валиева Олимпиада оюндарында төртүнчү орунду алды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРоссиялык фигурист Камила Валиева
Россиялык фигурист Камила Валиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Жазылуу
Биринчи жана экинчи орундарды дагы россиялык спортчулар Анна Щербакова менен Александра Трусова багындырды.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Россиялык фигурист Камила Валиева муз үстүндө жалгыз бийлөөдө төртүнчү орунду алды. Бул тууралуу Р-Спорт кабарлады.
Биринчи орунду дагы бир россиялык спортчу Анна Щербакова алды. Ал жалпысынан 255,95 упай топтогон. Экинчи орунду дагы россиялык Александра Трусова (251,73), үчүнчүнү япониялык Каори Сакамото (233,13) алган. Төртүнчү орун буюрган Камила Валиева 224,09 упай топтогон.
© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүАнна Щербакова
Фигурное катание. Чемпионат Европы. Женщины. Произвольная программа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Анна Щербакова
Щербакова 17 жашта, ал учурда дүйнөнүн чемпиону. Анын жашташы Трусова дүйнө чемпионатынын жана Европа чемпионатынын коло медаль ээси. Валиева 15 жашта, ал Россиянын жана Европанын чемпиону. Спортчу буга чейин Россиянын курама командасына кирип, ийгилик жаратып Олимпиада чемпиону болгон, бирок сыйлоо аземи али күнчө өтө элек.
© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүАлександра Трусова
Олимпиада-2022. Фигурное катание. Женщины. Произвольная программа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Александра Трусова
Анткени өткөн аптада допинг-тест алып текшерген эл аралык агенттик Валиевадан 25-декабрда кызытма боюнча алынган тесттен триметазидин заты чыккандыгын билдирген. Тесттин жыйынтыгын Стокгольмдогу антидопинг лабораториясы 8-февралда берген. Ага карабай Спорттук арбитраж соту (СAS) мындан ары Олимпиада-2022 оюндарына катыштыра берүү чечимин кабыл алган. CAS берген релизде Валиеваны Олимпиада-2022нин жеке турнирине чейин катыштыруу чечими "корголгон персона" (спортчу 16 жашка чыга элек) макамы башкача мамиле жасоону эске алуу менен кабыл алынганы айтылат.
Россиялык фигурист Камила Валиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Мыктылардын мыктысы! Белгилүү спортчулар Камила Валиеваны колдошту
Россиялык фигурист Камила Валиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Назик, бирок кайраты тоого тең. 15 жаштагы Камила Валиеванын 15 сүрөтү
Жаңылыктар түрмөгү
0