Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Өмүрканова: өлкөдөгү мыкты мектептердин тажрыйбасы жайылтылат

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Салтанат Өмүрканова
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Салтанат Өмүрканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Салтанат Өмүрканова мыкты баага татыктуу болгон мектептердин презентациясы министрликтин интернет-ресурстарына жайгаштырыларын айтты.
Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын мыкты мектептеринин алдыңкы тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн өлкөнүн башка мектептерине жеткирүү жана жайылтуу максатында "КРдин мыкты мектептерин тандоо жөнүндө" жобону иштеп чыкты. Бул тууралуу Салтанат Өмүрканова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Өмүрканова: өлкөдөгү мыкты мектептердин тажрыйбасы жайылтылат
Анын айтымында, республиканын мыкты мектептеринин тажрыйбасын жайылтуу жобосу билим берүү деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт.
"Министрликтин 2022-жылдын 4-февралындагы № 107/1 буйругу менен бекитилген жобого ылайык, мыкты мектептерди тандоо боюнча жумушчу топ түзүлүп, өз ишин баштады. Республиканын кайсы районунда болбосун алгылыктуу иштери менен атагы чыккан мектептер бар. Алардын тажрыйбаларынын жана көндүмдөрүнүн эң мыкты үлгүлөрүн башка мектептерге жайылтуу, өз ара тажрыйба алмашуу мектептердин өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Биринчи этапта райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн баалоосу боюнча мыкты деп табылган 102 мектеп иш-чарага катышуу ниетин билдирди. Жобого ылайык, эми ар бир мектеп өзүнүн мыктылыгын иш жүзүндө көрсөтүп берүүгө тийиш. Ал эми тажрыйбалуу педагогдор, илимпоздор жана министрликтин жооптуу кызматкерлеринен турган жумушчу топ берилген материалдарды карап талдап чыгып, өз баасын берет. Мыкты баага татыктуу болгон мектептердин презентациялары министрликтин интернет-ресурстарына жайгаштырылып, бардык кызыкдар тараптар үчүн ачык жана жеткиликтүү болот. Белгилей кетсек, биринчилерден болуп 10-февралда Кант шаарындагы №1 Д.П.Зубков атындагы мектеп-гимназиясынын презентациясы өткөрүлдү", — деди Өмүрканова.
Ал мектептерди тандоо жол-жобосу боюнча кошумча маалыматты 0312 661046 номерине чалып билип алса болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0