Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана башка балбандар Болгарияга учуп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын балбандар Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков. Архив
Кыргызстандын балбандар Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Жазылуу
Курама команда Болгариядагы турнирден кийин Москвада эки жума машыгуу өткөрөт.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Болгариядагы эл аралык Dan Kolov — Nikola Petrov мелдешине катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Мелдеш 17-20-февраль күндөрү Велико-Тырново шаарында өтөт.
Курама команданын мүчөлөрү:
Балбай Дордоков — 55 кг;
Жоламан Шаршенбеков — 60 кг;
Нурмухаммет Абдулаев — 60 кг;
Тынар Шаршенбеков — 63 кг;
Эрмек Каныбек уулу — 63 кг;
Марлен Асикеев — 67 кг;
Элдияр Сатаров — 67 кг;
Адилхан Нурланбеков — 72 кг;
Акжол Махмудов — 77 кг;
Акылбек Талантбеков — 77 кг;
Калидин Асыкеев — 82 кг;
Азат Салидинов — 87 кг;
Мелис Айтбеков — 87 кг;
Үзүр Жузупбеков — 97 кг;
Роман Ким — 130 кг.
Ошондой эле Болгарияга команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев, улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков, калыс Эрнис Суранов учуп кетти.
Курама команда Болгариядагы беттештен кийин 21-февралдан 5-мартка чейин Москванын "Кристал" спорт базасында эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.
Олимпиада оюнунун призеру Акжол Махмудов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Акжол Махмудов баштаган балбандар Көлдө регби ойноп, машыккан видео
Жаңылыктар түрмөгү
0