Эдил Байсалов БУУ структурасындагы кызматка дайындалды

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
Жазылуу
Европа экономикалык комиссиясынын аткаруу комитетинин катышуучулары Байсаловдун талапкерлигин жактырган.
БИШКЕК, 15-фев. – Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын туруктуу өнүктүрүү боюнча комиссиясынын төрагасы болуп шайланды.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Европа экономикалык комиссиясынын аткаруу комитетинин 120-кеңешмесинин катышуучулары Байсаловдун талапкерлигин жактырган.
Иш-чара 2022-жылдын 6-7-апрелинде Женева шаарында (Швейцария Конфедерациясы) өтөт.
Форумдун жыйынтыгы боюнча отчёт даярдалышы күтүлүүдө. Бул документ 2022-жылдын июлунда Экономикалык жана социалдык кеңештин алдында Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумдун алкагындагы маалымдама документ катары колдонулат.
Кумтөр голд компани ишканасын сырттан башкарып жаткан Теңиз Бөлтүрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
Теңиз Бөлтүрүк дагы бир мамлекеттик ишканага жетекчи болду
Жаңылыктар түрмөгү
0