Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЭркиндик бульварында басып бараткан адамдар. Архив
Эркиндик бульварында басып бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Жазылуу
14-февралга караган түнү тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 0...+5, Таласта -2...+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында +1...+6, Нарын аймагында -1...-6 градус суук болот.
Бишкек менен Ошто күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +2... +4 жана Ошто +4...+6 градус болору айтылды.
Бишкекте кар жаган учурда кишилер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Катуу суук эми келеби? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0