Алыкул Осмоновдун үй-музейин министрликтин балансына алуу пландалууда. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАлыкул Осмоновдун үй-музейи. Архив
Алыкул Осмоновдун үй-музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Жазылуу
Маданият министри Азамат Жаманкулов кыргыздын классик акыны өмүрүнүн акырына чейин жашап өткөн үйгө барып, экспонаттар талаптагыдай сакталбай жатканына күбө болгон.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында жайгашкан Алыкул Осмоновдун үй-музейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин балансына алуу пландалууда. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маданият министри Азамат Жаманкулов кыргыздын классик акыны Алыкул Осмонов өмүрүнүн акырына чейин жашап өткөн үйгө барган.
"Алыкул үй-борбору" коомдук фондунун жетекчиси Памирбек Казыбаев үй-музей менен тааныштырып жатып акыркы жолу оңдоп-түзөө иштери толугу менен 20 жыл мурда жасалганын айткан.
"Музей учурда оңдоого муктаж. Андыктан Азамат Жаманкулов бул иштерди жүргүзүп, музейдин талаптарына ылайык келтирүү үчүн аны Маданият министрлигинин балансына алуу керектигин билдирди. Министр экспонаттар талаптагыдай сакталбай жатканына күбө болуп, үй-музейди сактап калуу үчүн министрлик тиешелүү кадамдары баштай турганын маалымдады", — деп жазылган маалыматта.
Учурда үй-музейде эки миңден ашык экспонат бар. Алардын арасында акындын жеке буюмдары, кол жазмалары жана колдонгон буюм-тайымдары да сакталып турат. Бөлмөлөр кышкысын жылытылбайт, буга байланыштуу ным тарткан дубал айрым баалуу документтерге, сүрөттөргө, буюмдарга да зыянын тийгизе баштаган.
Алыкул Осмоновдун үйү 1941-жылы курулган. Акын бул үйдү өзүнүн маңдай тери менен тапкан акчасына 1945-жылы сатып алып, 1950-жылга чейин жашаган. Оорусуна байланыштуу көпкө жашабай, акыркы сапарга ушул үйдөн узаган.
Сапар инибиздин аттарыбы? Жапаровдун 17 миң евролук экспонатты көргөн видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Сапар инибиздин аттарыбы? Жапаровдун 17 миң евролук экспонатты көргөн видеосу
Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Сеул шаарындагы эл аралык маданият музейинде кыргыз бурчу ачылды.  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2022
Сеулдагы маданият музейинде кыргыз бурчу ачылды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0