00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Декабрда Москвада өрттөн каза болгон, жабыркаган кыргызстандыктардын иши эмне болду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРФ ӨКМ кызматкерлери өрттү өчүрүш учурунда. Архив
РФ ӨКМ кызматкерлери өрттү өчүрүш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2022
Жазылуу
Кырсык Москвада 18-декабрда болгон. Элчилик жабыркаган кыргызстандыктарга жардам көрсөтүлгөнүн жана укук коргоо органдары фактыны териштирип жатканын билдирди.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Былтыр декабрда Москвада өрттөн жабыркаган кыргызстандыктардын азыркы абалы тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымат берди.
Билдирмеге ылайык, 2021-жылдын 28-декабрында саат 17:26 чамасында Москва шаарынын Троицкий жана Новомосковский административдик райондоруна караштуу Коммунарка аймагында чарба жүргүзүүчү субъектинин жыгачтан жасалган турак жай бөлмөсүндө өрт чыккан. Анын кесепетинен беш кыргызстандык жабыркаган.
Элчиликтин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, Россиянын аймактык укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөн. Алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгында өрт бөлмөдөгү жылытуучу радиатордун жарылуусунан улам чыккандыгы аныкталган.
"Жабыркагандардын ичинен 40 жаштагы А.А.Ж. көмүр кычкыл газына ууланып каза болгон. 40 жаштагы дагы бир кыргызстандык — А. А. Москвадагы Склифосовский атындагы Тез жардам илим-изилдөө институтуна көптөгөн термикалык күйүк менен жаткырылган. Калган жарандары анча жабыркаган эмес, учурда Россиянын башка объектилеринде иштөөсүн улантып жатышат", — деп жазылган маалыматта.
Элчиликтин жардамы менен өрттөн жабыркаган кыргызстандыктарга иш берүүчү тарабынан бериле турган эмгек акы дароо төлөнгөнү кошумчаланды. Ошондой эле А.А.Ж. аттуу жарандын сөөгүн жөнөтүү жумуш берүүчүнүн эсебинен ишке ашырылган. Мындан тышкары, ооруканага жаткан кыргызстандыкты дарылоо жана ден соолугун калыбына келтирүү үчүн компенсацияны этабы менен төлөп берүү макулдашылган.
Москвага күйөөсүн кароо үчүн келген ал жарандын жубайы элчиликке кайрылып, өрт кырсыгы боюнча өзүн кызыктырган бардык суроолорго жооп алганы айтылган.
"Бирок элчилик анын иш берүүчүлөрдүн аракети менен полиция окуя боюнча тергөө амалдарын токтоткону, элчилик жардам берүүдөн баш тартканы, медициналык мекеменин дарыгерлери акча төлөнбөгөн учурда палатаны бошотууну талап кылгандыгы тууралуу билдирүүсүн төгүндөйт", — деп жазылган билдирмеде.
Элчиликтин айтымында, учурда аталган факт боюнча Россиянын мамлекеттик тергөө комитетинин Москва шаарынын Троицкий жана Новомосковский административдик райондору боюнча тергөө бөлүмү тарабынан текшерүү иштери жүрүүдө. Анын жыйынтыгында юридикалык баа берилип, процессуалдык чечимдер кабыл алынат.
Элчилик бул факт боюнча соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин бардык жабырлануучуларга укуктук жана юридикалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген. Мындан сырткары, документтери күйүп кеткен кыргызстандык төрт кишиге алардын ким экендигин тастыктаган документ берилген. Элчиликтин комиссиясы өрттөн каза болгон жарандын сөөгүн мекенине алып кетүү үчүн жакындарына бир жолку компенсация төлөп берүү чечимин чыгарганын кошумчалашкан.
Кар тазалап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2022
Абалы оор. Санкт-Петербургда 17 жаштагы кыргызстандык чатырдан кулап кеткен
Россиянын полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Москвада кыргызстандык таксистке ок атылды. Окуя видеого түшүп калган
Жаңылыктар түрмөгү
0