Элчи: Кыргызстандан Россияга экспорттун көлөмү 38%га өстү

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
Жазылуу
Элчи Россия менен Кыргызстандын ортосунда ар дайым саясий диалог жүрүп турарын айтып, былтыркы жылы президент Россияга үч ирет барганын эске салган.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. 2021-жылы Кыргызстандан Россияга экспорттун көлөмү 38 пайызга өскөн. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Sputnik Кыргызстандын пресс-борборунда өткөн маалымат жыйында айтты.
Иш-чара Россиянын Дипломатия кызматкерлеринин күнүнө арналган.
Элчи Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу мамилесинин ортосундагы жыйынтык тууралуу айтып берди.
"Соода-сатык жаатында 2021-жыл ийгиликтүү эле болду. Өлкөлөр ортосунда товар алмашуунун көлөмү 46,5 пайызга өстү. Бул Россиянын Федералдык бажы кызматынын маалыматы. Товар айлантуу 2,5 миллиард долларга жетти. Кыргызстандан Россияга экспорттун көлөмү 38 пайызга өскөн. 2020-жылы 240 миллион долларга, 2021-жылы 333 миллион долларга чейин жеткен", — деди Удовиченко.
Элчи Россия менен Кыргызстандын ортосунда ар дайым саясий диалог жүрүп турарын айтып, былтыркы жылы президент Россияга үч ирет барганын эске салган.
"Парламент башчылары, тышкы иштер министрлери дайыма байланышып турат. Марттын башында Кыргызстандын тышкы иштер министри, ал эми февралда Жогорку Кеңештин төрагасынын Москвага барышы күтүлүүдө", — деген Удовиченко.
Тараптардын мамилеси тууралуу сөз кылып жатып ал Россиядан Кыргызстанга которулган акча каражатынын көлөмүнө да көңүл буруп, былтыр анын көрсөткүчү 2,6 миллиард долларды түзгөнүн белгиледи.
Элчи Евразия интеграциясын өнүктүрүүдө социалдык чөйрөдө жылыш болгонун кошумчалаган. Ал кызматташуудагы мындай ийгилик, жетишкендиктер элдин жашоосун жеңилдеткенин белгиледи.
ГЭС. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2022
Адис Кыргызстан менен Россиянын гидроэнергетика боюнча алакасын айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0