00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Переход на 12-летку в КР. Как педагоги адаптируются к обучению первоклассников?
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Миграция, энергетика, инфрастурктура — беседа о развитии ЕАЭС
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө 11 мал союучу жай ЕАЭБ талабына ылайык иштейт — быйыл эпизоотиялык абал кандай болду?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Экспорттун көлөмү эмнеге азайды? — Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер күчөтүлөт
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Эпосы как тайная история тюркских народов — беседа с ученым из Алтая
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сүйүүдөн "башын жоготкон" өспүрүмгө ата-эне кандай жардам бере алат? Кеңеш

© Фото / Pexels/ olia danilevichӨспүрүм кыз. Архив
Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
Жазылуу
Психологдун айтымында, адамга чыныгы сүйүү ал сексуалдык жактан толугу менен калыптанып бүткөндөн кийин гана келет.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Өспүрүм алгачкы сүйүүгө жолугуп "башын жоготкон" учурда ата-эне эмне кылышы керек? Бул суроого РИА Новости агенттигине Россиянын сексологиялык илимий коомунун мүчөсү, психолог Татьяна Селезнева жооп берди.
Адистин айтымында, адамга чыныгы сүйүү ал сексуалдык жактан толугу менен калыптанып бүткөндөн кийин гана келет. Селезнева баланын сексуалдык жетилүүсүн үч стадияга бөлдү.
10-12 жашта балага жаккан кишинин жакшы мамилеси менен жылмаюусу гана жетиштүү;
15-16 жаштагы балага бирөө жагып калса, ага карата эротикалык фантазия пайда болот. Ал кишиге жакындагысы келет;
18 жаштан өткөндөн кийин гана бала сексуалдык жактан толук жетилип, ар тараптуу мамилеге, сүйүүгө даяр болот.
"Ага чейинки, тагыраагы, мектеп курагындагы жактыруунун баары адамдын калыптануу процессинин бир бөлүгү. Көпчүлүк учурда бала белгилүү себептерден улам өспүрүм курактагы сүйүүсүнө жетпейт. Демек, кайгырат. Ата-эне эч качан буга жеңил мамиле кылып, баланы урушпашы керек. Анткени өспүрүм үчүн бул сезимдер өтө маанилүү, мурда мындай тажрыйба болбогон соң андан өтүп кетүү азап менен тозок. Кээде жоопсуз сүйүүдөн арылуу жолдорун балдар түгүл чоңдор деле биле беришпейт", — деди психолог.
Кайгырып жаткан маалда баланын жанында болуп, маанайын көтөрүүгө аракет кылган туура.
Ошондой эле адис балада сүйүү, аял-эркек ортосундагы мамиле, үй-бүлө тууралуу туура түшүнүктөр калыптаныш үчүн ата-эне үлгү болушу керектигин белгиледи.
"Ата-эне балдарынын көзүнчө бири-бирин эркелетип, жакшы мамиле кылып, жагымдуу сөздөрдү арнап турушу керек. Ошондо гана балада мамиле деген ушундай болуш керек деген түшүнүк пайда болуп, кийин өзүнө татыктуу түгөй табуусуна жардам берет", — деди Селезнева.
Мындан тышкары, адис бала кичине кезинде деле кимдир бирөөнү жактырып калышы, өзгөчө эркек баланын улам бир кызга көңүл бурушу мыйзам ченемдүү нерсе экенин эскертет. Ушундай жол менен гана адамдын психологиясы калыптанып, келечекте өзүнө мыкты түгөй боло турган адамдын образын түзө алат.
Баласына китеп окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2022
Ажырашкан ата-эне балага канткенде туура тарбия бере алат? Психологдун кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0