https://sputnik.kg/20220207/sujuunun-besh-tili-bar-1061851087.html
Психолог: жубайлар түгөйү сүйүүнүн кайсы тилин жактырарын билгени оң
Психолог: жубайлар түгөйү сүйүүнүн кайсы тилин жактырарын билгени оң
Sputnik Кыргызстан
Педагог-психолог Айнек Муратбекова психологияда сүйүүнүн беш тили болорун айтты. 07.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-07T10:51+0600
2022-02-07T10:51+0600
2022-02-08T10:53+0600
радио
психолог
сүйүү
жубайлар
айнек муратбекова
https://sputnik.kg/img/07e6/02/08/1061874525_301:56:3072:1615_1920x0_80_0_0_68af74f735037f1d10d8de9bb5feed77.jpg
Психолог: жубайлар түгөйү сүйүүнүн кайсы тилин жактырарын билгени оң
Sputnik Кыргызстан
Педагог-психолог Айнек Муратбекова психологияда сүйүүнүн беш тили болорун айтты.
Сүйүү, махабаттын беш тили болот. Башкача айтканда, ушунча түрү бар. Алар: мактоо-суктануу, чогуу убакыт өткөрүү, белек берүү, камкордук көрсөтүп жардам берүү жана кучактоо же болбосо кинестетикалык сүйүү. Бул тууралуу Айнек Муратбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып маалымдады.Анын айтымында, жубайлар бири-бирине сүйүүнүн кайсы түрү жагарын билип алышы керек.Психолог жубайлар мамиледеги күтүүлөрү тууралуу ачык сүйлөшүп туруусу зарыл экендигин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/08/1061874525_313:0:3044:2048_1920x0_80_0_0_d8285e3ae56fb17ffde41709e6dd0311.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
психолог, сүйүү, жубайлар, айнек муратбекова, аудио
психолог, сүйүү, жубайлар, айнек муратбекова, аудио
Психолог: жубайлар түгөйү сүйүүнүн кайсы тилин жактырарын билгени оң
10:51 07.02.2022 (Жаңыртылды: 10:53 08.02.2022) Педагог-психолог Айнек Муратбекова психологияда сүйүүнүн беш тили болорун айтты.
Сүйүү, махабаттын беш тили болот. Башкача айтканда, ушунча түрү бар. Алар: мактоо-суктануу, чогуу убакыт өткөрүү, белек берүү, камкордук көрсөтүп жардам берүү жана кучактоо же болбосо кинестетикалык сүйүү. Бул тууралуу Айнек Муратбекова
Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып маалымдады.
Анын айтымында, жубайлар бири-бирине сүйүүнүн кайсы түрү жагарын билип алышы керек.
"Жубайлар баш кошконго чейин түгөйү сүйүүнүн кайсы түрүн жактырарын билип алганы дурус. Өзгөчө аялдар төрөгөндөн кийин күйөөсүнөн мурдагыдан эки эседен тарта 10 эсеге чейин көбүрөөк жылуу мамилени талап кылат. Ушул аралыкта келинчеги кантип сүйгөндү жактырарын билсе эркектерге оңой болот. Сүйүүнүн беш тили бар. Анын биринчиси сөз аркылуу берилет. Башкача айтканда, мактоо, суктануу менен. Эркектер мунун мактоо түрүн көбүрөөк жактырышса, аялдарга суктануу керек. Негизи эле аялдар эмоция менен жашагандыктан көпчүлүгү сүйүүнүн ушул тилин жактырат. Айрымдары белек алуу менен өзүн сүйүп жатат деп ишенсе, кээ бирлери колдоо, жардам берүүнү, башкалары кучактап, жетелешкен дене бою менен болгон жакындыкты сүйүп жатат деп түшүнөт. Түгөйүнүн мына ушулардын кайсынысын жактырарын билип алса көптөгөн пикир келишпестиктин алдын алууга жардам болот", — деди Муратбекова.
Психолог жубайлар мамиледеги күтүүлөрү тууралуу ачык сүйлөшүп туруусу зарыл экендигин кошумчалады.