Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Токтобаев: чет элдик туристтер үчүн биздин жашоо шартыбыз "маданий шок"

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Кеттик" туристтик фирмасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Чыңгызхан Токтобаев
Кеттик туристтик фирмасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Чыңгызхан Токтобаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Жазылуу
"Кеттик" туристтик фирмасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Чыңгызхан Токтобаев чет өлкөлүк туристтерге караганда кыргызстандык туристтерди тейлеген оор экенин айтты.
Пандемия башталганда чет өлкөгө туристтерди жөнөткөн турфирмалардын 50 пайызы жабылып калды. Себеби ижарага алган жайы кымбат, сырттан да турист келбей калды. Ички туризм менен иштейин десе да алардын шарты (баасы, унаалары) чет элдиктерге ылайыкташкан эле. Бул тууралуу Чыңгызхан Токтобаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Токтобаев: чет элдик туристтер үчүн биздин жашоо шартыбыз "маданий шок"
Анын айтымында, өлкөнүн ички туризми өнүксө, сырткы туризми да жакшырат.
"Кыргызстандын ички туризмдин өнүгүшүнө жөө туризм союзунун (TUK), "Идем на Пик" турфирмасынын салымы бар. Андан кийин гана туристтик фирма, компаниялар ачыла баштады. 2019-жылы 50дөй турфирма болсо, 2020-жылы 150-180ге жетти. Себеби биздин кызматты колдонгон туристтер эле эртеси Instagram баракчасын ачып, өздөрүнүн турларын уюштура баштады. Мындай кызматтар сезон маалында үч ай гана иштешти, башкача айтканда, үч айдан кийин кардарлары түгөндү. Ошентип, 180 компаниянын 100ү жабылды, 50 компаниянын эмне болгону белгисиз, ал эми 30 компания ишин улантып кете алды. 2021-жылы конкуренция анча байкалган жок. Учурда туристтер үчүн түзүлгөн шарттар өзгөрүп жатат. Анткени эс алуучулар талап коё баштады. Бул нерсе чет элдик туристтер менен иштөөнү жеңилдетет. Бирок, белгилей кетчү жагдай, чет өлкөлүк туристтерге караганда кыргызстандык туристтерди тейлеген оор. Себеби Европа мамлекеттеринен келген адамдар ушунчалык комфортко көнүп калышкан, жаман жолдор менен тоо-ташка алып барсаң алар үчүн экзотика, жаңылык. Мындай шартта биздин эл кыйналып, бели ооруп кетет. Чет өлкөлүк адамдарга биздин учурдагы жашоо-шартыбыз "маданий шок" болуп эсептелет", — деди Токтобаев.
Ал туркомпаниялар ассоциациясынын мүчөлөрү үч айда бир чогулуп сезонго жараша турлардын баасын коёрун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0