Келбесе мамлекетке өткөрөбүз! Бажы кызматы 51 унаанын ээсин издеп жатат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Жазылуу
Транспорт каражаттарынын ээлерине байланышка чыгып, тийиштүү документтерин алып келүүгө бир жума убакыт берилди.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматы "Риом" машина базарынын аймагындагы "Азия-Транс-Лайн" убактылуу сактоочу кампасында жайгашкан автоунаалардын ээлерин издеп жатат.
Мекеменин маалыматына ылайык, 51 автоунаа, беш чиркегич узак убакыттан бери бажылык каттоодон өтпөй турат. Айрымдары 2012-жылдан бери ошол жерде, эң акыркысы кампага 2017-жылы киргизилген.
Тизмеде ар кандай үлгүдөгү жеңил жана жүк ташуучу автокөлүктөр бар. Кээ бири авариялык абалда же кыймылдаткычы жок. Транспорт каражаттарынын тизмеси Бажы кызматынын сайтына жарыяланган. http://www.customs.gov.kg/news/get?id=379 таможни.
Машина ээлери укуктук аныктоочу документтери менен келип 14-февралга чейин Түндүк-Чыгыш бажысына кайрылууга тийиш. Дареги Төмөнкү Ала-Арча айылы, Д. Курманалиев, 1А тар көчөсү.
Төмөнкү номерлер аркылуу да маалымат алса болот:
Түндүк-Чыгыш бажысынын жетекчисинин кабылдамасы — 0(312) 90-76-30, 47-30-45;
жетекчинин орун басары — 0 (312) 90- 74-07;
бажылык көзөмөл бөлүмү — 0 (312) 90-74-08;
нөөмөт кызматы — 0 (312) 90-74-04.
Эгер автоунаалардын ээси чыкпаса, Бажы кызматы кароосуз калган машина катары таануу үчүн сот органдарына кайрылып, мамлекетке өткөрүп берет.
Автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2022
Прокуратура: автобустарды каттаган бажычылар өлкөгө 170 млн. сомго зыян келтирди
Жаңылыктар түрмөгү
0