Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ашыралиев: өкмөттүн "кара тизмесине" киргендер депутат да болбошу керек

© Sputnik / Асель СыдыковаЛегендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев
Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2022
Жазылуу
Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев өкмөт түзүүнү пландап жаткан "кара тизме" элдик талкуудан өтүп, дыкат иштелип чыгышы керек деген пикирин билдирди.
Коррупция боюнча кармалып, бир канча сумманы төлөп берүүгө макул болуп жаткан аткаминерлер, демек, ошол акчаны уурдаганын мойнуна алганы. Тилекке каршы, алар убагында "жеген" каражаттын 01 пайызын гана төгүп жатышат. Бийлик 10-20 эселеп төлөттүрсө болмок. Мындай пикирин Кемел Ашыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып маалымдады.
Ашыралиев: өкмөттүн кара тизмесине киргендер депутат да болбошу керек
Анын айтымында, ошол сумманы төлөп берүүгө кабылган аткаминерлердин жакындары да мамлекеттик кызматка келбеши керек.
"Өкмөт түзүүнү пландап жаткан "кара тизме" дыкат иштелип чыгышы керек. Анткени бул багыттагы мыйзамдардын айрым беренелерине каршы келген жагдайлар жаралып калышы ыктымал. Ошону менен катар эле бийлик алмашса "мурдагы бийлик туура эмес киргизип койгон" деп актап чыгарып, кайрадан кызматка коюп койсо боло турган тизме болуп калбашы шарт. Муну менен катар эле төлөп берүүгө макул болгон аткаминерлердин аты-жөнү ошол тизмеде өмүр бою калышы керек. Алар мамлекеттик кызматка эле эмес депутат да болуп келүүсүнө тыюу салынышы зарыл. Болбосо убагында казынадан уурдаган акчаларынын болбогон аз бөлүгүн төгүп, калганын каалашынча чачып эл өкүлү болуп келип калып жатышпайбы. Бирдеме десе "мени эл шайлады" деп чыгышат. Өздөрү эле эмес анын бала-чакасы, аялы, туугандары мамлекеттик кызматка өтпөй турган болсо, ошондо гана таза кадрларды тартуу менен биргеликте коррупция менен да күрөш жүрөт эле", — деди Ашыралиев.
Ал "кара тизмени" түзүүнү бир канча юрист жана депутаттарга жүктөп койбой жалпы калктын деңгээлинде сунуш-пикирлерди угуу зарылдыгын кошумчалады.
Эске сала кетсек, министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга ишке алууга тыюу салынган "кара тизме" түзүүнү пландап жатат. Мындай демилге 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча бекитилген планда жазылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0