https://sputnik.kg/20220204/uluttuk-gospitalda-travmatologiya-bolumu-achylat-1061796659.html
Бейшеналиев: Улуттук госпиталда травматология бөлүмү ачылат
Бейшеналиев: Улуттук госпиталда травматология бөлүмү ачылат
Sputnik Кыргызстан
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра... 04.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-04T14:15+0600
2022-02-04T14:15+0600
2022-02-05T17:27+0600
кыргызстан
борбор
сабырбек жумабеков
алымкадыр бейшеналиев
https://sputnik.kg/img/103101/36/1031013619_0:588:5600:3738_1920x0_80_0_0_18acc8288c4f17a733c86f84751cb99d.jpg
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Улуттук госпиталда 30 орундуу травматология бөлүмү ачылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатып айтты.Маалымат жыйында министр Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору жети жыл мурун жоюлганын, мекеменин директору Сабырбек Жумабеков мыйзамсыз иштеп келгенин белгилеген. Бейшеналиевдин айтымында, Жумабеков бул кылгандары үчүн жооп бериши керек.Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган. Көп өтпөй аталган борбордун жетекчиси, профессор Сабырбек Жумабеков мындай өзгөртүүнүн зыяндан башка пайдасы жок экенин билдирген. Дарыгер "бул жай оорукана гана эмес, илимий борбор болгондуктан чет өлкөлүк өнөктөштөр ошол даражасына карап бизди тааныйт, сыйлайт жана эсептешет" деген пикирин айткан.
https://sputnik.kg/20220204/zhumabekovdun-orduna-dajyndalgan-zhetekchi-1061795911.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103101/36/1031013619_199:0:5183:3738_1920x0_80_0_0_70836be72eb5a85b183c1fdc50a1133d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, борбор, сабырбек жумабеков, алымкадыр бейшеналиев
кыргызстан, борбор, сабырбек жумабеков, алымкадыр бейшеналиев
Бейшеналиев: Улуттук госпиталда травматология бөлүмү ачылат
14:15 04.02.2022 (Жаңыртылды: 17:27 05.02.2022) Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Улуттук госпиталда 30 орундуу травматология бөлүмү ачылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри
Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатып айтты.
"Учурда буйрук даярдалууда. Травматологиялык профилдеги бейтаптарды кабыл алууну жандандырууну пландап жатабыз. Улуттук госпиталда жогорку класстагы кадрлар жетиштүү", — деди министр.
Маалымат жыйында министр Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору
жети жыл мурун жоюлганын, мекеменин директору Сабырбек Жумабеков мыйзамсыз иштеп келгенин белгилеген. Бейшеналиевдин айтымында, Жумабеков бул кылгандары үчүн жооп бериши керек.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп
кайра түзүлөрүн кабарлаган. Көп өтпөй аталган борбордун жетекчиси, профессор Сабырбек Жумабеков мындай өзгөртүүнүн зыяндан башка
пайдасы жок экенин билдирген. Дарыгер "бул жай оорукана гана эмес, илимий борбор болгондуктан чет өлкөлүк өнөктөштөр ошол даражасына карап бизди тааныйт, сыйлайт жана эсептешет" деген пикирин айткан.