00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Илимий реформа жана Академиянын келечеги: каржылык автономиянын таасири — Канатбек Абдрахматов менен маек
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Закон против дорожных драчунов: что в нём не так - объясняет юрист
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаратылыштан жаралган мода: Keshteнин жаңы коллекциясы коомго сунулду
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бейшеналиев: Жумабековдун жанында иштеген дарыгерлердин наамы сакталат

© Sputnik / Асель СыдыковаСаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Жазылуу
Министр буга чейин Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору жети жыл мурда эле жоюлуп, Сабырбек Жумабеков жок мекемени алдамчылык менен башкарып келгенин айткан.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда буга чейин иштеп келген дарыгерлерди алып калабыз, жети жылдан бери алып келген наамдары дагы сакталат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатып айтты.
"Жумабековго бир жылдан бери айтып келдим. Борбор жети жылдан бери документ жүзүндө жок. Мындай жерде иштеп жаткан башка дарыгерлерге боорум ооруйт. Бирок алар кыргыздын жигиттери, биз аларды алып калабыз. Наамдары дагы сакталат. Ооруканадан Жумабековдун тууган-туушкандары гана кетет", — деди министр.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган. Көп өтпөй аталган борбордун жетекчиси, профессор Сабырбек Жумабеков мындай өзгөртүүнүн зыяндан башка пайдасы жок экенин билдирген. Дарыгер "бул жай оорукана гана эмес, илимий борбор болгондуктан чет өлкөлүк өнөктөштөр ошол даражасына карап бизди тааныйт, сыйлайт жана эсептешет" деген пикирин айткан.
Ал эми министр борбор 2015-жылы эле документ түрүндө жабылганын, ошондон бери баары мыйзамсыз иштеп келгенин айтты.
Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Бейшеналиев Жумабековдун ордуна дайындалган жетекчини тааныштырды
Жаңылыктар түрмөгү
0