https://sputnik.kg/20220203/bala-saruu-gehsinin-kurulush-1061755760.html
Астапаев: Таласта РКӨФтүн жардамы менен ГЭС курулат
Астапаев: Таласта РКӨФтүн жардамы менен ГЭС курулат
Sputnik Кыргызстан
"Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун орун басары Кубанычбек Астапаев "Киров" суу сактагычына курула турган ГЭСтин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. 03.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-03T09:57+0600
2022-02-03T09:57+0600
2022-02-03T09:57+0600
радио
электр энергиясы
гэс
кубанычбек астапаев
https://sputnik.kg/img/07e5/05/07/1052414315_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_025e59aec88e740976dad8a13f469328.jpg
Астапаев: Таласта РКӨФтүн жардамы менен ГЭС курулат
Sputnik Кыргызстан
Астапаев: Таласта РКӨФтүн жардамы менен ГЭС курулат
Жылдын этегине чейин Бала-Саруу ГЭСи курулат. Анын кубаттуулугу 25 мегаватты, жалпы электр энергиясын өндүрүү кубаты 92 миллион кВт/саатты түзөт. Бул тууралуу Кубанычбек Астапаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, долбоордун жалпы наркы 22,9 миллион доллар.Ошондой эле ал Киров суу сактагычы модернизациядан өткөрүлө турганын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/07/1052414315_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_954833c5f6e0a9985b8a2b2ea726916b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
электр энергиясы, гэс, кубанычбек астапаев, аудио
электр энергиясы, гэс, кубанычбек астапаев, аудио
Астапаев: Таласта РКӨФтүн жардамы менен ГЭС курулат
"Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун орун басары Кубанычбек Астапаев "Киров" суу сактагычына курула турган ГЭСтин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.
Жылдын этегине чейин Бала-Саруу ГЭСи курулат. Анын кубаттуулугу 25 мегаватты, жалпы электр энергиясын өндүрүү кубаты 92 миллион кВт/саатты түзөт. Бул тууралуу Кубанычбек Астапаев
Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоордун жалпы наркы 22,9 миллион доллар.
"Бала-Саруу ГЭСи Таластагы Киров суу сактагычына курула баштады. Өткөн жылдын 29-августунда президенттин катышуусунда аталган ГЭСтин курулушуна капсула салынган. Министрлер кабинети тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынып, ГЭСтин курулушу "Чакан ГЭС" ААКсына тапшырылган. Техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, долбоорго 22,9 миллион доллар керектелет. Мунун бир бөлүгү компаниянын бюджетинен каржыланып, калганын Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан насыя түрүндө алуу мерчемделүүдө. Долбоор 2022-жылдын декабрына чейин жыйынтыкталат. ГЭСтин кубаттуулугу 25 мегаватты, жалпы электр энергиясын өндүрүү кубаты 92 миллион кВт/саатты түзөт. Учурда өлкөдөгү энергетикалык тартыштыктан улам ГЭСти тез арада салып бүтүү тапшырылган. Учурда тийиштүү тендерлер өткөрүлүп, 68 миллион сомго долборлоо-сметалык документтер даярдалууда. Мындан тышкары, жабдыктарды сатып алуу үчүн тендер жарыяланды", — деди Астапаев.
Ошондой эле ал Киров суу сактагычы модернизациядан өткөрүлө турганын кошумчалады.