Жылыткычтан өрт чыгып... Түптө иске ууланган эки кишинин сөөгү табылды

© AP Photo / Sakchai LalitӨлүкканадагы адамдар. Архив
Өлүкканадагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Жазылуу
Милиция үйдөн жылыткыч өрттөнгөнүн айтып, көз жумгандардын денесинен зомбулуктун издери табылбаганын кошумчалады.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Түп районунда үйдөн эки эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, окуя боюнча билдирүү милицияга 1-февралда түшкөн.
"Жерине РИИБдин ыкчам-иликтөө тобу барып 56 жана 48 жаштагы эркек кишилердин сөөгүн тапкан. Белгилүү болгондой, алар жаткан бөлмөдөгү жылыткычтан өрт чыгып, экөө иске ууланган. Каза болгондордун денесинен зомбулуктун белгиси табылган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалганы кошумчаланды.
От күйүп жаткан очок. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Ысык-Көлдө 8 жаштагы бала менен 52 жаштагы киши иске ууланып көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0