https://sputnik.kg/20220201/zhuk-tashygan-vagondordun-parkyn-almashtyruu-kerek-1061703175.html
Бообеков: жүк ташыган вагондордун паркын алмаштыруу керек
Бообеков: жүк ташыган вагондордун паркын алмаштыруу керек
Sputnik Кыргызстан
Транспорт жана коммуникация министрлигинин жол-транспорт коопсуздугун текшерүү жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Улан Бообеков жүк ташыган, эл... 01.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-01T09:41+0600
2022-02-01T09:41+0600
2022-02-01T09:41+0600
радио
кыргызстан
коопсуздук
темир жол
транспорт
улан бообеков
https://sputnik.kg/img/07e6/01/1b/1061586607_0:86:3067:1811_1920x0_80_0_0_2cf96e03563e319bb8ed22e58ff3a684.jpg
Бообеков: жүк ташыган вагондордун паркын алмаштыруу керек
Sputnik Кыргызстан
Бообеков: жүк ташыган вагондордун паркын алмаштыруу керек
Техникалык регламенттерге жооп бербеген вагондордун саны көп. Талапка ылайык келген вагондорду сатып алуу жана темир жолунун рельстерин жаңылоо — учурдун талабы. Бул тууралуу Улан Бообеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, "Кыргыз темир жолу" тиешелүү долбоорлорду ишке ашырып, абалды жакшыртууга жетишсе ЕАЭБ алкагында көп мүмкүнчүлүктөр ачылат.Ошондой эле адис Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу ири долбоор болгондуктан өлкө экономикасынын өсүшүнө чоң кадам болорун кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/1b/1061586607_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_cdc12396b9cbeae5546d3f8bd1a478ac.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, коопсуздук, темир жол, транспорт, улан бообеков, аудио
кыргызстан, коопсуздук, темир жол, транспорт, улан бообеков, аудио
Бообеков: жүк ташыган вагондордун паркын алмаштыруу керек
Транспорт жана коммуникация министрлигинин жол-транспорт коопсуздугун текшерүү жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Улан Бообеков жүк ташыган, эл ташыган вагондордун паркын алмаштыруу керектигин айтты.
Техникалык регламенттерге жооп бербеген вагондордун саны көп. Талапка ылайык келген вагондорду сатып алуу жана темир жолунун рельстерин жаңылоо — учурдун талабы. Бул тууралуу Улан Бообеков
Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Кыргыз темир жолу" тиешелүү долбоорлорду ишке ашырып, абалды жакшыртууга жетишсе ЕАЭБ алкагында көп мүмкүнчүлүктөр ачылат.
"Бизде темир жолго тиешелүү үч техникалык регламент каралган. Анын экөө иш жүзүндө жарактуу болсо, үчүнчүсү 100 чакырым сааттан жогору ылдамдыктагы вагондорго тиешелүү болгондуктан бизде иштебейт. Бул техрегламенттер жаңы иштелип чыккан продукцияга гана тиешелүү. Мисалы, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталса техникалык регламенттерге жараша көзөмөл жүргүзөбүз. Учурда жүк ташыган, эл ташыган вагондордун паркын алмаштыруу зарылдыгы жогору. Талапка ылайык келген вагондорду сатып алуу жана темир жолунун рельстерин жаңылоо учурдун талабы", — деди Бообеков.
Ошондой эле адис Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу ири долбоор болгондуктан өлкө экономикасынын өсүшүнө чоң кадам болорун кошумчалады.