Кышында көңүл чөккөндө эмне тамак жесе болот. Адистин кеңеши

© Фото / Pexels / Malidate VanБалык этинен жасалган тамак. Архивдик сүрөт
Балык этинен жасалган тамак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2022
Жазылуу
Дарыгерлер бул аялдарга көбүрөөк тиешелүү көрүнүш болуп эсептелерин, январь менен февраль кыйыныраак айлардын тизмесинде экендигин белгилешкен.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кышында көңүл чөгүп, маанай пас болгон учурда кайсы тамактарды жесе адам жандуураак болорун Америкалык психиатрлардын ассоциациясы санап берген. Бул туурасында Известия Eat This, Not That!. басылмасына шилтеме берип маалымат таратты.
Кыштын узун күндөрү кээ бир адамдар маал-маалы менен боло турган аффективдик кыжаалат болуу (САР), башкача айтканда жыл мезгили алмашкан учурдагы депрессиянын тибине кабылат. Ага D витаминдин жетишсиздиги, серотониндин азайып кетиши жана мелатонин деңгээлинин өзгөрүшү сындуу факторлор себеп болору айтылды.
Дарыгерлер бул аялдарга көбүрөөк тиешелүү көрүнүш экендигин айтат.
"Анын белгилери адатта күзүндө же кыш айларында байкалат да, жаздын келиши менен жок болуп кетет", — деп түшүндүрүп беришкен психиатрлар.
Бул жааттан алганда январь менен февраль кыйыныраак айлардын тизмесинде экендигин белгилешкен. Адистер мындай абалдан арылуу үчүн психологго барып, жарык терапиясынын жардамына таянып жана туура тамактанууну кошумчалаган.
Диетолог Жулиана Тамайо эртең мененки тамактанууну дан өсүмдүктөрүнүн (азыктарынын) үлпүлдөгүнөн баштоону сунуштаган.
"Дан өсүмдүктөрүнүн көпчүлүгү клетчаткага, B12 витаминине жана фолий кислотасына бай келет. Бул үчөө депрессиянын симптомдору менен күрөшө алат", — деген ал.
Диетолог клетчатканын ичегилердин микробиотиктерине жакшы жардам берип, иммунитетти көтөрөрүн кошумчалаган.
Дарыгер B12 витамини адамдын психикалык жактан сергек болушуна жакшы жардамчы экендигин, анын тартыштыгы аз кандуулук менен кишинин көңүлү ачылбай, аанын алсыз болушуна түртөрүн билдирген. Адис фолий кислотасы жаңы клеткалардын жаралышын шарттап, адамдын ден соолугунун чың жана жаш болуп жүрүшүнө көмөктөшөрүн да айткан.
Тамайо жылдын бул мезгилинде балык көбүрөөк жегиле деп сунуштап, майлуу эмес белоктор кышкы кыжалаттыкты басарын кошумчалаган.
Майы көбүрөөк балыктардын да САР менен күрөшүүдө майнаптуу болорун, себеби анда омега-3 бар экендигин, бул өз кезегинде күч-кубат берерин, мээни азыктандырарын айткан.
Депрессиянын белгилери менен курамында магний көп болгон күрөң шоколад да жакшы күрөшө аларын белгилеген.
Ал эми анын кесиптеши, Сьюзан Келли кадимки тофу да организмдеги темирди азайтып жибербей, кыжалаттыктан, көңүлдү чөгөргөн абалдан алысыраак кармаарын айткан.
Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2020
Дарыгер кышкы депрессиядан арылуунун жолун айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0