Канттагы авиабазанын аскерлери алты балалуу үй-бүлөгө жардам беришти

© Фото / пресс-служба объеденной российской военной базы "Кант"Канттагы россиялык авиабазанын аскерлери гуманитардык жардам көрсөтүү учурунда
Канттагы россиялык авиабазанын аскерлери гуманитардык жардам көрсөтүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2022
Жазылуу
Үй-бүлө жылуу кийим-кечек жана азык-түлүк менен камсыздалышты.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Канттагы россиялык авиабазанын аскерлери көп балалуу үй-бүлөгө колдоо көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган жайдын маалымат кызматы билдирди.
Жардам Александр Невский аскер храмынын "Ырайым" бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте берилген.
Ысык-Ата районундагы жашы жете элек алты балалуу Жумакадыровдордун үй-бүлөсү аскер базасына жардам сурап кайрылышкан.
"Үй ээси ооруканада жатат. Жубайы тыным албай иштейт экен. Үй-бүлө жашоонун оор сыноосуна кабылган", — деп айтылат маалыматта.
Аскер кызматкерлери кыска убакыт аралыгында жылуу кийим-кечек жана азык-түлүк алып беришкен.
Авиабаза аз камсыз үй-бүлөлөргө гана эмес, балдар тарбияланып жаткан социалдык мекемелерге дагы колдоо көрсөтүп келишет.
Канттагы Россиянын авиабазасынын терроризмге каршы бөлүгү окуу-машыгуунун жүрүшүндө көзөмөлдөп өткөрүү пунктунан каршылаштын чабуулун артка кайтарды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Канттагы авиабазага диверсиялык топ "кол салды". Машыгуунун сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0