Кар жаайбы? Кийинки жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2022
Жазылуу
Февралдын башында кар кээ бир аймактарга эле жаабаса, башкаларына бир жума бою түшпөйт.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, келе жаткан аптада кар кээ бир аймактарга эле жаабаса, башкаларына бир жума бою түшпөйт. Бишкекке дагы 31-январдан тарта апта ичи кар жаабай турганы айтылды.

Чүй облусу

Бул аймакта 30-январь жана 3-февралда кар жаашы ыктымал. Калган күндөрү жаан-чачын болбойт. Тоолуу жерлерде жол тайгак болору күтүлүүдө. Ал эми Таласта бир жума бою кар жаабай турганы айтылды.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Ошто апта ичи кар жаабайт. Ал эми Жалал-Абад менен Баткенде 3-февралда кээ бир райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Апта ичинде Ысык-Көлдө 3-4-февраль күндөрү гана күндүн көзү бузулуп, кар жаашы мүмкүн. Башка күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Нарында кар жаабайт, бирок суук болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
Бишкек — Ош жолундагы автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Сак болгула! Бишкек — Ош унаа жолу тайгак
Жаңылыктар түрмөгү
0