Полевые сборы военнослужащих Волгограда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

Баткенде абал турукташып, эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтууда. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРБаткенде эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтууда
Баткенде эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Жазылуу
Айрымдар жарандык коргонуунун атайын бөлүнгөн техникасы менен, кээ бири жеке унаалары менен үйлөрүнө кайтып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Баткен облусунда чек ара чырынан кийин абал турукташып, айылдардан эвакуациялангандардын 9 880и үйлөрүнө кайтып келүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба МЧС КР

Баткен облусунда чек ара чырынан кийин абал турукташып, айылдардан эвакуациялангандардын 9 880и үйлөрүнө кайтып келүүдө

Баткен облусунда чек ара чырынан кийин абал турукташып, айылдардан эвакуациялангандардын 9 880и үйлөрүнө кайтып келүүдө - Sputnik Кыргызстан
1/2

Баткен облусунда чек ара чырынан кийин абал турукташып, айылдардан эвакуациялангандардын 9 880и үйлөрүнө кайтып келүүдө

© Фото / пресс-служба МЧС КР

Билдирмеге караганда, аларды ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын куткаруучулары Жарандык коргонуунун атайын бөлүнгөн техникасы менен алып келүүдө. Айрымдары жеке унаалары менен үйлөрүнө кайтып жатат

Билдирмеге караганда, аларды ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын куткаруучулары Жарандык коргонуунун атайын бөлүнгөн техникасы менен алып келүүдө. Айрымдары жеке унаалары менен  үйлөрүнө кайтып жатат - Sputnik Кыргызстан
2/2

Билдирмеге караганда, аларды ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын куткаруучулары Жарандык коргонуунун атайын бөлүнгөн техникасы менен алып келүүдө. Айрымдары жеке унаалары менен үйлөрүнө кайтып жатат

1/2

Баткен облусунда чек ара чырынан кийин абал турукташып, айылдардан эвакуациялангандардын 9 880и үйлөрүнө кайтып келүүдө

2/2

Билдирмеге караганда, аларды ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын куткаруучулары Жарандык коргонуунун атайын бөлүнгөн техникасы менен алып келүүдө. Айрымдары жеке унаалары менен үйлөрүнө кайтып жатат

Билдирмеге караганда, аларды ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын куткаруучулары Жарандык коргонуунун атайын бөлүнгөн техникасы менен алып келүүдө. Айрымдары жеке унаалары менен үйлөрүнө кайтып жатат.
Эске салсак, чек ара чырынан Баткен облусу боюнча 11 052 адам эвакуацияланып, алардын 10 410у туугандарынын үйлөрүнө, 642 адам атайын пунктуларга жайгаштырылган. Жүргүзүлгөн иш-чараларды жеринде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев координациялап жатканы айтылды.
Баткен облусундагы Кулунду айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Баткенде чек ара тилкесиндеги үйлөр мамлекеттин эсебинен камсыздандырылат

Чек арадагы жаңжалдын чоо-жайы

27-январь күнү саат 17:50 чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу автоунаага таш жүктөп келишкен. Аны Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жаап, өздөрү ошол жерде Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө деп аталган жерде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарышкан. Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө аймагында Кыргызстандын аскерлерди аткылаган. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганы айтылган.
Ал эми коңшу өлкө башаламандык Сомониён айылынан Чоркухка бараткан тажикстандыктар ташка алынганынан улам чыкканын айтып жатат. Кийинчерээк Тажикстандын УКМКсы окуя Ходжаи-Аъло аймагынан Сомониёнго кетчү жолдо болгонун кабарлаган. Алардын айтымында, кыргызстандыктар тажикстандык жарандын Porter автоунаасын токтотушкан. Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, эки киши каза таап, 10 адам ар кандай жаракат алган.
Таңга маал эки тараптын чек арадагы атышууну жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүсү аяктап, бир нече пунктудан турган макулдашуу кабыл алынды. Анын ичинде ок атууну токтотуу да каралган. Эртең мененки маалыматында Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги чек арада чыккан жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 11 кишиге жеткенин, алардын бардыгы аскер адамдары экендигин билдирген.
Эртең менен жерине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев барган. Ташиев абалды туруктуу деп баалап, бүгүн чек арадагы күч түзүмдөрү кайтарыларын белгиледи.
Кыргызстандын аскер техникасы жол боюнда бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Ташиев: бүгүн чек арадагы күч түзүмдөрү өз бөлүктөрүнө кайтарылат
Жаракат алган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Чек ара чырынан 12 кыргызстандык жаракат алганы анык болду
Жаңылыктар түрмөгү
0