Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан

Борбор Азия мамлекеттери жарыксыз калды. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Бүгүн, 25-январда, Бишкектин бир катар аймактарында бир учурда жарык өчтү. Аймактарда дагы жарык берүү үзгүлтүккө учураганы айтылууда.
Коңшу мамлекеттердин ЖМКлары өлкөнүн ар кайсы аймактарында жарык өчкөнүн жазышууда. Sputnik Казакстандын маалыматына караганда, Алматыда масштабдуу түрдө электр энергиясы өчтү. Өзбекстанда дагы ушундай эле көрүнүш болууда.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:33 25.01.2022
Кыска мөөнөткө электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн
"Биз электр кубатына жана батирлерди жылытууга тезирээк кошулууну каалайбыз. Балким кыска мөөнөткө электр энергиясы өчүрүлөт. Бул абоненттерди кайрадан электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жасалат.
Сиздерден өндүрүштүк иштерге түшүнүү менен кароону суранабыз. Келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн да кечирим сурайбыз. Форс-мажор. Энергосистемасынын бардык кызматкерлери сиздер үчүн иштеп жатат”, - деп жазды “Электр станциялары” ишканасынын маалымат катчысы.
17:09 25.01.2022
“Кыргызстандын бардык аймактарына электр кубаты келди”
Жалпы Кыргызстан боюнча электр энергиясы берилди. Түндө республикадагы бардык электр станцияларында күчөтүлгөн дежурлук уюштурулат.
Бул туурасында Энергетика министрлигинен кабарлашты.
17:03 25.01.2022
Бишкектеги үйлөргө жылуулук качан берилет?
Бишкек шаарындагы турак жайларга жылуулук түнгө чейин жеткирилет. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйында билдирди.
Брифинг о ситуации с электроэнергией в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
16:19 25.01.2022
...
16:19 25.01.2022
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2022
Акылбек Жапаров: жарыктын өчүрүлүшүнө кыргыз тараптан мүчүлүштүк кеткен жок
16:16 25.01.2022
Доскул Бекмурзаев мурда шакекчеде мындай учур, мындай авария болбогондугун айтты.
16:05 25.01.2022
Доскул Бекмурзаев: азыр дүрбөлөңгө алдырбай туралы, энергетиктер кырдаалды штаттык режимге алып чыгат.
15:58 25.01.2022
Өзбекстанда электр кубатын этап менен кайрадан калыбына келтирүү жүрүп жатат.
“Электр станциялар акырындап этап-этабы менен эксплуатацияга киргизилүүдө. Аймакта электр энергиясын берүү калыбына келтирилип жатат”, - деп билдирди Өзбекстандын Энергетика министрлиги.
15:52 25.01.2022
Жапаров: эмнеден авария болгону азырынча белгисиз.
15:51 25.01.2022
Жапапов: өлкөнүн 50 пайызы электр кубаты менен камсыз болду.
15:51 25.01.2022
Жапаров: Бишкек ТЭЦтин иши да түнгө чейин калыбына келип калат.
15:48 25.01.2022
Учурда министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров энергетика министри Доскул Бекмурзаев кырдаал боюнча маалымат жыйын берип жатат.
15:47 25.01.2022
Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров кечки саат 20:00 же 21:00го чейин жылуулук толук берилип каларын маалымат жыйында билдирди.
15:34 25.01.2022
...
15:33 25.01.2022
Энергетика министрлиги учурда кайсы тармактарга электр энергиясы берилгенин маалымдады.
15:30 25.01.2022
Алматы шаарына толугу менен электр энергиясы берилип, Казакстандын башка аймактарында дагы кезек-кезеги менен жарык күйгүзүлө баштады. Бул тууралуу KEGOC компаниясына шилтеме берип Sputnik Казакстан жазды.
15:30 25.01.2022
Коңшу мамлекеттер - Казакстан менен Өзбекстанда электр кубаты акырындап калыбына келе баштады.
15:18 25.01.2022
“Манас” аэропорту кадимки калыбында иштеп жатат
“Манас” эл аралык аэропорту кадимки ыш ыргагында. Аба каттамдары боюнча "Манас" - 0 312 693109 жана "Ош" - 0 3222 90101 телефон номерлерине чалсаңыздар болот. Бул туурасында маалымат кызматы кабарлады.
15:12 25.01.2022
...
15:11 25.01.2022
Шаардыктар ыраазылыгын билдирип башташты
Жаңылыктар түрмөгү
0