Жалал-Абадда "Жигули" менен Sprinter кагышып, бир киши мүрт кетти. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек — Ош унаа жолу. Архив
Бишкек — Ош унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2022
Жазылуу
Кырсыктан "Жигулинин" айдоочусу каза тапты. Бустагы он кишинин төртөө ооруканага жеткирилген.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жалал-Абадда ВАЗ-2101 менен Mercedes-Benz Sprinter жүргүнчү ташуучу унаа кагылышып, бир киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
© Фото / пресс-служба МЧС КРЖалал-Абадда ВАЗ-2101 менен Mercedes-Benz Sprinter жүргүнчү ташуучу унаа кагылышып, бир киши көз жумду
ДТП с участием пассажирского микроавтобуса на трассе Бишкек - ОШ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2022
Жалал-Абадда ВАЗ-2101 менен Mercedes-Benz Sprinter жүргүнчү ташуучу унаа кагылышып, бир киши көз жумду
Каргаша Бишкек — Ош унаа жолунун 384-чакырымында катталган.
Кырсыктын кесепетинен "Жигули" автоунаасын айдап бараткан Токтогул районунун 37 жаштагы тургуну каза болгон.
"Mercedes-Benz Sprinter автоунаасында айдоочудан тышкары тогуз жүргүнчү отуруп бараткан. Анын төртөө жеңил жана орто жаракат алып, Тез жардам кызматы менен Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. Алардын абалы канааттандырарлык экени аныкталды", — деп жазылган маалыматта.
Окуя болгон жерге төрт куткаруучу тартылып, жүргүнчүлөрдү унаадан чыгарышкан.
Жол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Үйгө жетпей калышты... Кыргызстандык эки жаш футболчу жол кырсыгынан көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0