Бишкектин эки шайлоо округуна талапкерлигин койгондордун саны 48ге жетти

© Sputnik / Табылды КадырбековКишилер шайлоо округунда. Архив
Кишилер шайлоо округунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2022
Жазылуу
Талапкерлигин көрсөтүүнү каалагандар 27-январга чейин арыз бере алат.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкектин кайра шайлоо өтчү эки округуна талапкерлигин койгондордун саны 48ге жетти. Бул тууралуу маалымат БШКнын сайтына жарыяланды.
Белгилей кетсек, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо Свердлов жана Биринчи май шайлоо округдарында "баарына каршы" графасы талапкерлердин алган добушунан ашып кеткендиктен шайлоо өтпөй калды деп таанылган.
Мындан улам 27-февралда бул эки райондо кайра шайлоо болот.
22-январга карата 48 адам Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөттү. Алардын тизмеси БШКнын сайтына жарыяланган.
№29 Свердлов шайлоо округунан 27 жаран, ал эми №27 Биринчи май округунан 21 адам талапкер болуу ниетин билдирген.
Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча арыз берген 11 жаранды талапкер катары каттады. Талапкерлигин көрсөтүүнү каалагандар 27-январга чейин арыз бере алат.
Аларды каттоо мөөнөтү 6-февралда аяктайт. Андан кийин шайлоо алдындагы үгүт иштерине 20 күн берилет.
Депутат Орозайым Нарматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022
Диплом чыры: БШК Орозайым Нарматованы депутаттык мандатынан ажыратты
Жаңылыктар түрмөгү
0