Айлык албай, үйү жок иштеген депутаттар

Кыргыз парламенти кантип өзгөргөн?

Айлык албай, үйү жок иштеген депутаттар

Кыргыз парламенти кантип өзгөргөн?
Жакында Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылышы өз ишин баштады. Көз карандысыз Кыргызстандын 31 жыл тарыхында иштеген "легендарлуу парламент" менен буга чейин иштеген VI чакырылышынын ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири сөз кылабыз.

Алардын арасында үч президент менен иштешип, баш мыйзамды эки жолу өзгөрткөн VI чакырылыш жана өзүн-өзү тараткан 350 депутаттан турган "легендарлуу парламент" да бар.

Өзүн-өзү таркаткан жалгыз парламент

Өзүн-өзү таркаткан жалгыз парламент

"Легендарлуу парламент" союз тарай электе шайланып, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин XII чакырылышы делген. 350 депутаттын катарында койчу, саанчыдан тарта илимпоз, маданият өкүлдөрү да бар эле. 1990-жылы шайланган 350 эл өкүлүнүн арасында болочоктогу өкмөт башчылар Апас Жумагулов, Турсунбек Чыңгышев, Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, Курманбек Бакиев, ЖКнын спикерлери Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров бар болчу.
Бул депутаттар Кыргыз ССРинин биринчи президенти Аскар Акаевди шайлап, андан соң өлкө суверендүүлүгү жөнүндө декларацияны кабыл алган. Оңой эмес социалдык-экономикалык абалда калган республиканы мыйзам талаасында кармап, андан ары жылышына көмөктөшкөн.

1991-жылы 31-августта Кыргызстандын "Көз карандысыздыгы жөнүндөгү" декларациясын кабыл алып, эки жылдай Конституцияны талкуулаган. Улуттук валютаны, мамлекеттик гимн, герб, желекти бекитип берген. Андан сырткары, өлкөнүн алдыга жылышына, мамлекеттик органдардын толук кандуу иштешине шарт түзгөн бир топ мыйзамды кабыл алып бергени маалым.
Ал "легендарлуу парламенттин" азыркы эл өкүлдөрүндөй жардамчысы болгон эмес. Спикер менен анын орун басарынан башкалары айлык алмак түгүл, отуруп иштегенге кабинети жок эле. Жогорку Советтин аппаратында 129 гана адам иштеп, чыгашасы кыйла аз эле.

Ал курам 1995-жылы кетмек, бирок бийликтегилердин түрдүү саясий оюндарынан улам кворум чогулбай, парламент мөөнөтүнөн мурда, 1994-жылы өзүн-өзү таратууга аргасыз болгон. Жаралган кырдаал "парламенттик кризис" деп бааланган.

Мыйзам чыгаруучу органда эл өкүлү болгон Жамин Акималиев депутаттар менен президент Аскар Акаевдин ортосунда тиреш болгонун айтат.
Жамин Акималиев
"Легендарлуу" парламенттин депутаты
"Биздин колубузда эбегейсиз ыйгарым укук, бийлик бар болчу. Акаев алып келген талапкерлерди өткөрбөй койгонго күчүбүз жетчү. Ал киши биздин жыйында эртеден кечке чейин отурчу. Убакыттын өтүшү менен президентке мындай мамиле жакпай баштады, тегерегиндегилер "бийликтин баарын колуңа албайсыңбы" дешкен. 1994-жылы Акаев айрым депутаттар менен сүйлөшүп, бузукулук иштерди баштаган. Ал бизди ичибизден бөлүп-жарган, соңунда жыйын толук чогулбай тарап кеткен", — деди Акималиев.
"Легендарлуу парламент" Ысык-Көлдөгү Кумтөр алтын кенин канадалыктар менен иштетүүнү өкмөткө табыштаган жана эгемен Кыргызстандын тарыхында президентти шайлаган жападан жалгыз парламент болуп калды.

Бир автоунааны эки депутат айдаган чакырылыш

Бир автоунааны эки депутат айдаган чакырылыш

Конституцияга 1994-жылы 21-сентябрда өзгөртүү киргизилгенден кийин мыйзам чыгаруучу башкы орган мурдагыдай 350 эмес, 105 депутат менен эки палаталуу болгон. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 35, Эл өкүлдөр жыйыны 70 депутаттан куралып, 1995-жылы 28-мартта өз ишин баштаган. Биринчиси мыйзам чыгаруу менен гана алектенип, экинчиси конституциялык, мамлекеттик түзүлүштү өзгөртө турган мыйзамдарды бекитип берчү. Ошондой эле Эл өкүлдөр палатасы республикалык бюджетти кабыл алып, өкмөттүн курамын, сотторду, башкы прокурорду шайлоого укуктуу болгон.
Алар бир мандаттуу округдардан мажоритардык система менен беш жылга шайланып, "легендарлуу парламент" кабыл алган чечимдерди андан ары улап, көбүнчө мыйзамдарды шайкеш келтирүү менен алектенген.

Эки жылдан ашык Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы болгон Алманбет Матубраимов ал чакырылыштын курамы күчтүү болгонун эскерет.
Алманбет Матубраимов
Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы
"Эл өкүлдөр жыйыны өтө күчтүү болгон. Анын курамында союз маалында министр, биринчи катчы, райкомдун биринчи катчысы болуп иштегендер бар эле. Мамлекеттик кызматта иштегендер шайланып келе алчу эмес. Азыр эстесем, катарыбызда жети-сегиз академик, 12-13 мурдагы экс-министр болгон. Биз бюджетти бекитип, анын аткарылышын кабыл алып, райондук сотторго чейин дайындачубуз. Ал кезде азыркыдай президентке көз каранды эмес болчубуз. Жыйындарга Аскар Акаев алып келген талапкер министрлерди өткөрбөй коё алат элек", — деди Матубраимов.
Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын Эл өкүлдөрү жыйынындагы 70 депутатка кызматтык автоунаа, батир берилген эмес. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынындагылар мамлекет берген үйдө жашап, эки депутат бир «Волга» айдаган.
2000-жылга чейин иштеген парламент өз ишмердүүлүгүндө жалпы 13 кодекс, жүздөгөн мыйзамдарды кабыл алган. Ошондой эле көпчүлүк азыркыга чейин сындап келген менчиктештирүү жараянына уруксат берген.

1996-жылы кыргыз-кытай чек арасынын талаштуу беш тилкенин төртөөнү дал ушул чакырылыш бекитип берип, өлкө башчылары мамлекеттик чек аранын 1085 чакырымын ратификациялаган.

Үзөңгү-Кууш маселеси, Аксы окуясы, март ыңкылабы...

Үзөңгү-Кууш маселеси, Аксы окуясы, март ыңкылабы...

Кыргызстанда 1998-жылдын 17-октябрындагы кезектеги референдумдун аркасы менен 2000-жылы шайланган Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышы мурдагыдай эле эки палаталуу 105 депутаттан турган. Бирок мурдагыдай бир мандаттуу округдардан гана шайланбастан, талапкерлер партиялар менен да катышкан. Ошентип ал чакырылыштын Мыйзам чыгаруу жыйыны 60 депутаттан куралып, анын 15и партиялык тизме боюнча шайланган. Эл өкүлдөр жыйыны 45 депутаттан турган.
Мыйзам чыгаруу палатасындагыларга мамлекеттик казынадан автоунаа, батир, жылына бир жолу Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берилип турчу.

Мисалы, 2000-жылы бир катар депутаттарга 15-25 миң долларга үй алып берилген. Андан сырткары, бул чакырылыш кээде кайрымдуулук иретинде өз айлыктарын эки эселеп жогорулатып койчу.
Ал эми экинчи палатадагы туруктуу иштеген комитет төрагасы, мүчөлөрү айлык алчу. Калган депутаттарга сессияга чогулганда 2000 сомдон стипендия берилген. Эл өкүлдөрү жыйындагыларга үй, автоунаа берилбегендиктен алар сессияга катышуу үчүн келгенде мейманканада же тууган-туушкандарында түнөчү. Кээде алардын аймактардан келип-кетүүсү үчүн билеттер сатып берилип турган.

Мыйзам чыгаруучу органдын эки палатасы кыргыз-кытай чек арасындагы Үзөңгү-Кууш боюнча макулдашууну 2002-жылы колдоп берген. Добуш берүүдө саналуу гана депутаттар каршы турган.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөрү жыйынына беш жылдай төрагалык кылган Алтай Бөрүбаев Үзөңгү-Кууш маселесин депутаттар бир ай караганын айтып берди.
Алтай Бөрүбаев
Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөрү жыйынынын төрагасы
"Эл өкүлдөрү жыйыны сотторду, аудиторлорду, өкмөттүн мүчөлөрүн дайындаган. Сессияга эки же үч айда бир чогулчубуз. Биз иштеген маалда Үзөңгү-Кууш маселесин эки палата караган. Аны мыйзам чыгаруучулар тез эле кабыл алып берип койгон. Биздин палата ал маселени караганда бир айга жылдырып, депутаттык комиссия түзүп Хан-Теңир, Үзөңгү-Куушка тиешелүү адистерди кошуп жеринен изилдеп келгиле деп депутаттарды жибергенбиз. Анткени Тышкы иштер министрлиги талаштуу жердин 70 пайызы бизге калып, 30 пайызы Кытайга кетип жатат деген. Депутаттар аларга ишенбей геолог, энергетик, аскер кызматкерлер менен ал жерге барып, кийин комиссия жыйында доклад жасаган. Ошондон кийин гана келишимге кол коюуга макулдук бергенбиз", — деди Бөрүбаев.
ЖКнын экинчи чакырылышы иштеген маалда өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу эмес эле. Мисалы, 2002-жылы адам өмүрүн алган Аксы окуясы орун алып, айрым саясатчылар камалып, депутаттардын иш бөлмөсүнөн жашыруун коюлган угуучу аппараттар табылган. 2003-жылы Жалал-Абад шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгына куралдуу кол салуу болгон.
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына бир нече күн төрага болуп калган Ишенбай Кадырбеков президент Аскар Акаев "Алга, Кыргызстанды" парламентке алып келип чоң ката кетиргенин айтат.
Ишенбай Кадырбеков
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы
"Саясатта өз деген түшүнүк жок, кызыкчылык деген болот. Акаев Жогорку Кеңешке "Алга, Кыргызстанды" алып келип чоң ката кетирген. Анын курамындагылар бийлик алмашкан сайын Бакиевдин "Ак жолуна", кийин Атамбаевдин КСДПсына кирип кетишти. Ошонун айынан президенттердин тагдыры да окшош болду", — деди Кадырбеков.
Соңунда 2005-жылдын 24-мартында элдик толкундоолор башталган. Депутаттар шашылыш жыйын өткөрүп, эки палатанын төрагасын тең отставкага кетирип, жаңы спикер шайлап март айынын аягына чейин иштеген.

Киши колдуу болгон депутаттар, президент менен тирешкен парламент

Киши колдуу болгон депутаттар, президент менен тирешкен парламент

Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышы 2005-жылдын башында март окуяларына чейин эле бир палаталуу болуп шайланган. Алар 75 депутаттан куралып, бир мандаттуу округдан саясий партиядан жана өзүн-өзү көрсөтүү менен келген. Ал чакырылышта президент Аскар Акаевдин уулу Айдар, кызы Бермет да "Алга, Кыргызстан" партиясы аркылуу эл өкүлү болуп шайланган эле.
"Атам 15 жылдан бери бийликте турду. Биз бул убакыт аралыгында саясатка аралашпаганга аракет кылдык. Бирок акыркы жылдары өлкөбүздүн келечеги бизди тынчсыздандырып, республикадагы эң негизги саясий партияны, "Алга, Кыргызстанды" түзүү ишине катышып калдым. Мен күчтүү партия түзгүм келген", — деген Акаева.
2005-жылдын март окуяларынан кийин үй-бүлөсү менен Россияга качып кеткен Акаевдин арызын мыйзам чыгаруучу орган кабыл алган. Андан кийин Курманбек Бакиевди убактылуу өлкө башчысынын милдетин аткаруучу кылып дайындайт.

III чакырылыш өзүнүн мөөнөтүнүн аягына чейин иштеген эмес. Президент Курманбек Бакиев менен Жогорку Кеңештин ортосундагы тирештин айынан парламент 2007-жылдын октябрь айында мөөнөтүнөн мурда таркатылган.
Бул убакыт аралыгында депутаттар Баяман Эркинбаев, Тынычбек Акматбаев, Жыргалбек Сурабалдиев киши колдуу болуп, 2006-жылы Өмүрбек Текебаев Польшада чет элдик укук коргоочулар тарабынан кармалган. Себеби погончондор депутаттын баштыгынан героин таап чыккан. Муну кийин президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев уюштургандыгы аныкталган эле.

Каркыранын тагдырын чечкен депутаттар

Каркыранын тагдырын чечкен депутаттар

Жогорку Кеңештин IV чакырылышы 2007-жылы партиялык тизме аркылуу шайланып, Жогорку Кеңешке президент Курманбек Бакиевдин "Ак жол", Алмазбек Атамбаевдин КСДП жана Кыргызстандын коммунисттер партиясы өткөн.
Мамлекеттик казынадан ал чакырылыштагы депутаттарга ар бири 19 миң доллар турган 75 Toyota Camry үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа алынган. Эл өкүлдөрүнүн бирден жардамчысы, консультанты болгон. Мурдагы чакырылыштагылар бирден жардамчы, референт, консультант менен жүрчү.

Ошол чакырылыштын төрагасы Зайнидин Курманов ал кездеги парламентке мындайча мүнөздөмө берет.
Зайнидин Курманов
Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын төрагасы
"Биз толугу менен партиялык тизме менен шайланып, ага чейин келген чакырылыштарга караганда башкача иштегенбиз. Бир күн комитетте, бир күн фракциянын отурумунда болуп, эки күн пленардык жыйында, эки күн шайлоочулар менен жолугушчубуз. Мындай ыкма менен батыштын көптөгөн парламенттери иштеп келет. Борбордук шайлоо комиссиясы ишмердүүлүгүбүздү 2010-жылдын 6-июнунда токтотуп салган", — деди экс-спикер Курманов.
IV чакырылыш өкмөттүн кыргыз-казак чек арасы боюнча документин ратификациялап берип элдин эсинде калган. Анда айрым саясатчылар Каркыра жайлоосунун көпчүлүк бөлүгү коңшу өлкөгө өтүп кетти деп чыгышкан.

Парламентаризмге талпынган чакырылыш

Парламентаризмге талпынган чакырылыш

2010-жылдагы апрель окуясынан кийин өлкөдө конституциялык реформа болуп, 27-июлда кабыл алынган Конституцияга ылайык Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кеңейтилип, Кыргызстан парламенттик-президенттик башкарууга өтөт.

Жогорку Кеңеш партиялардын тизмеси менен беш жылга шайланып, 120 депутаттан турган. Ал жылдагы шайлоонун жыйынтыгы менен беш саясий партия жеңип чыгат. Парламентте "Ата-Журт" партиясы – 28, Кыргызстан социал-демократиялык партиясы – 26, "Ар-Намыс" – 25, "Республика" – 23, "Ата Мекен" – 18 мандатка ээ болгон.
V чакырылыштын депутаттары иштеген маалда беш премьер-министр ээрден оодарылып, беш ирет коалиция түзүлүп, өкмөт курамы эки жолу толугу менен өзгөргөн.

Аталган убакыт ичинде 15ке чукул парламентарийлерге кылмыш иши козголуп, алардын көпчүлүгүн сот жообуна тартууга депутаттардын өздөрү жол берген эмес.

Үч президент менен иштешкен парламент

Үч президент менен иштешкен парламент

Жогорку Кеңештин VI чакырылышы 2015-жылы күз мезгилинде жаңыланган. Анын курамында КСДПдан 37, "Республика - Ата Журттан" 26, "Кыргызстандан" 18, "Өнүгүү-Прогресстен" 13, "Бир болдон" 12 жана "Ата Мекенден" 11 депутат болгон.
Өлкөнүн тарыхында бул чакырылыш эң узак мөөнөт иштеген парламент болуп калды. Алар 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоодон кийин чыккан нааразычылыктардан улам алты жылдан ашык иштеди. Бул убакыт аралыгында Алмазбек Атамбаев экс-президент макамынан ажыратылып, Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти. Депутаттар кийин Садыр Жапаров менен да иштешип, жалпы алты жылда Баш мыйзамды эки жолу өзгөртүп, алты өкмөт башчысын кызматтан алууга үлгүрдү.
Алардын төрагасы 30 миң сом, вице-спикерлер 27 миң сом, депутаттар 25 миң 500 сомдон айлык алчу.

Жаңы жана эски жүздөрдөн куралган чакырылыш

Жаңы жана эски жүздөрдөн куралган чакырылыш

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 эл өкүлүнөн куралды. 28-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына ылайык, парламентке 90 адамдын ордуна 88 киши депутат болуп келди. Себеби бир мандаттуу эки шайлоо округунда "баарына каршы" деген графа көп добуш алды. Ал эки аймакта кайрадан шайлоо өткөрүлөт.

VI чакырылышта партиялык тизме менен "Ата-Журт Кыргызстан" он беш, "Ишеним" он эки, "Ынтымак" тогуз, "Альянс" жети, "Бүтүн Кыргызстан" алты, "Ыйман нуру" беш мандатка ээ болду. Ал эми бир мандаттуу 36 округдан 34 эл өкүлү шайланды. Алардын жалпы санынын 77 пайызына жаңы жүздөр келсе, 23 пайызы VI чакырылыштын депутаттарынан.

Партиялык тизме боюнча ЖКга кимдер өтүп жатат

Бир мандаттуу округ боюнча ЖКга кимдер өтүп жатат

Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында иштеген "легендарлуу парламенттен" баштап Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы Конституцияны он жолу өзгөртүп, 30га чукул өкмөт башчысын алмаштырган.
Кыргыз парламентинин спикерлери
Медеткан Шеримкулов
"Легендарлуу парламенттин" төрагасы
Эки палаталуу парламент
Мукар Чолпонбаев
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы (1995-1997)
Алманбет Матубраимов
Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы (1995-1997)
Усуп Мукамбаев
Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы (1997-2000)
Абдыганы Эркебаев
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы (1997-2005)
Алтай Бөрүбаев
Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы (2000-2005)
Ишенбай Кадырбеков
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы (2005-жыл 24-25-март)
Муратбек Мукашев
Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы (2005-жыл 24-25-март)
Бир мандаттуу парламент
Өмүрбек Текебаев
(2005-2006)
Марат Султанов
(2006-2007)
Адахан Мадумаров
(2008-жыл январь — 2008-жыл май)
Айтибай Тагаев
(2008-жыл 29-май — 2009-жыл 17-декабрь)
Зайнидин Курманов
(2009-жыл 24-март — 2010-жыл 6-июнь)
Ахматбек Келдибеков
(2010-жыл 17-декабрь — 2011-жыл 14-декабрь)
Асылбек Жээнбеков
(2011-жыл 21-декабрь — 2016-жыл 13-апрель)
Чыныбай Турсунбеков
(2016-жыл 27-апрель — 2017-жыл 25-октябрь)
Дастан Жумабеков
(2017-жыл 25-октябрь — 2020-жыл 6-октябрь)
Мыктыбек Абдылдаев
(2020-жыл 6-октябрь — 2020-жыл 10-октябрь)
Канатбек Исаев
(2020-жыл 13-октябрь — 2020-жыл 4-ноябрь)
Аида Касымалиева
(2021-жылдын 28-октябрынан 29-декабрга чейин спикердин милдетин аткарган)
Талант Мамытов
(2021-жылдын 29-декабрынан азыркы күнгө чейин)
Автор
Мирбек Сакенов

Фото жана видео
Александр Федоров, Табылды Кадырбеков, Мамлекеттик кинофонофотодокументтердин борбордук архиви, Кыргыз Республикасынын президентинин архиви

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Маалымат булагы
Борбордук мамлекеттик архиви, "Вечерний Бишкек" гезити, "Кыргызстандын тарыхы" китебинин үчүнчү тому, ачык булактар
Жаңылыктар түрмөгү
0