Кыргызстандык рефери Вероника Бернацкая Азия кубогун тейлейт

© Sputnik / Табылды КадырбековФутболчулар оюн учурунда. Архив
Футболчулар оюн учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022
Жазылуу
Бернацкая — FIFA калысы. Азия кубогунун финалдык этабы 20-январдан 6-февралга чейин Индияда өтөт.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандык рефери Вероника Бернацкая кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча Азия кубогунун оюндарында калыстык кылат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Кубоктун финалдык этабы 20-январдан 6-февралга чейин Индияда өтөт. Жалпысынан кубок үчүн 12 курама команда ат салышат.
Вероника Бернацкая — FIFA калысы.
Футбол бирикмеси буга чейин Кыргызстандан Рамина Цойдун турнирде калыстык кылууга дайындалганын белгилеген. Оюндарды эмне себептен Бернацкая тейлей турганы айтылган эмес.
Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
Футзалчы кыздар Тажикстандагы эл аралык турнирге катышат
Жаңылыктар түрмөгү
0