Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Рахман: мигранттарга маалымат таратуу укугун коомдук уюмдарга берүү керек

© Sputnik / Асель СыдыковаЖК төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңеш катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман
ЖК төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңеш катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Жазылуу
ЖК төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңеш катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман коомдук уюмдар миграция маселесинде мамлекеттик органдарга жардам бериши зарылдыгын айтты.
Мамлекет мигранттарды маалымат менен камсыз кылуу функциясын коомдук уюмдарга өткөрүп бериши керек. Башкача айтканда, диаспораларга ушундай мүмкүнчүлүктөр берилсе, иш сапаттуу жана ылдам жүрмөк. Мындай пикирин Медер Рахман Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Рахман: мигранттарга маалымат таратуу укугун коомдук уюмдарга берүү керек
Анын айтымында, эмгек мигранттарын өз убагында сапаттуу маалымат менен камсыз кылуу колго алынса, бир топ укуктук көйгөйлөр азаймак.

"Эмгек мигранттары менен иш алып барууда мамлекеттик органдар айрым функцияларын коомдук уюмдарга өткөрүп бериши керек. Тагыраак айтканда, диаспора жана башка жеке уюмдар менен тыгыз иштешип, аларды маалымдар кылуу, айрым учурда мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо сыяктуу иштерди аткарууга мүмкүнчүлүк берилиши учур талабы болуп турат. Анткени элчилик, консулдуктарда кадр тартыштыгы бар. Алар бир учурда бардык багытты камтыган иштерди алып кетиши кыйын. Ошол үчүн мамлекеттик деңгээлде эле айрым функцияларын диаспораларга өткөрүп берсе, мигранттарга көмөк көрсөтүү жана маалымдар кылуу иштери алда канча оперативдүү жана сапаттуу ишке ашмак. Ошондой эле өлкөдөн чыгып жаткан эмгек мигранттарын адистикке ээ кылып, кыска окутуу курстарынан болсо да өткөрүп, даярдап жиберишибиз шарт. Бул багытта биз Австриядагы ICMPD эл аралык миграциялык уюму менен меморандум түзүп келдик. Анын жыйынтыгында Бишкек жана Ош шаарларында миграциялык ресурстук эки бөлүм ачылат. Алар чет өлкөгө чыгып жаткан эмгек мигранттарын маалымат менен камсыз кылуудан тартып, кыска курстарга окутууну колго алат", — деди Рахман.

Ал кыргызстандыктардын алдында "мамлекет мага жасап берсин" деген түшүнүктөн арылуу зарылдыгы турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0