Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бекбоев: жеке жана мамлекеттик нотариустар бирдей укукка ээ болот

© Sputnik / Жоомарт УраимовВедущий специалист отдела нотариуса и апостиля Министерства юстиции Элчибек Бекбоев
Ведущий специалист отдела нотариуса и апостиля Министерства юстиции Элчибек Бекбоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Жазылуу
Юстиция министрлигинин Нотариат жана апостилдештирүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Элчибек Бекбоев учурда жеке жана мамлекеттик нотариустардын укуктарын теңдөө аракеттери көрүлүп жатканын айтты.
Юстиция министрлиги нотариус системасында фундаменталдык реформа жүргүзүүнү пландап жатат. "Кыргыз Республикасынын нотариат жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Жеке нотариус институтунун ишке киргенине 20 жылдын жүзү болду. Жаңы мыйзамга ылайык, алардын мамлекеттик нотариустар менен укуктары тең болуп, жарандардын нотариалдык кызмат алуусуна чектөө азайып, жеңилдиктер пайда болот. Бул тууралуу Элчибек Бекбоев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Бекбоев: жеке жана мамлекеттик нотариустар бирдей укукка ээ болот
Анын айтымында, учурда жеке жана мамлекеттик нотариустар көрсөткөн кызматтарында айырмачылыктар болсо мыйзам долбоору ишке киргенден кийин бирдей укукка ээ болуп калат.
"Бул мыйзам долбоору укуктардын корголушун, нотариус институтун реформалоо, калкка көрсөтүлүүчү нотариалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана кызматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатын көздөйт. Мыйзамга ылайык нотариус институтун реформалоо, кесиптик квалификациясын жогорулатуу, нотариустун статусун, нотариалдык иш-аракеттердин принциптерин, чектөөлөрдү жана милдеттерин жогорулатуу, башка ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирип, карама-каршылыктарды, боштуктарды жана техникалык катачылыктарды жоюу боюнча иштер аткарылат. Учурда өлкө аймагында мамлекеттик нотариустар жеке нотариустарга караганда беш нотариалдык иш аракетке көбүрөөк жасоого укуктуу. Алсак, мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салат жана алып коё алат, мураскердин укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берет, мурасталган мүлктү коргойт, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын факсимилдик кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрөт. Биз азыр ушул нотариалдык иш-аракеттерди жеке нотариустардын да аткаруусуна укук берүүнү карап жатабыз. Ошондуктан республика боюнча беш нотариалдык палатанын башын бириктирип, буга бардык нотариустарды мүчө кылып киргизүү пландалууда. Жогоруда айткан нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу укугун жеке нотариустарга берүү үчүн Нотариалдык палата окуу институтун түзүп, нотариустардын квалификациясы жогорулатылат. Жыйынтыгында бардык нотариустар бирдиктүү тартипте иш алып барып калышат", — деди Бекбоев.
Ал жеке жана мамлекеттик нотариус кызматы бирдей болгону менен жеке нотариустар өзүнүн чыгымдарына жараша кошумча каражат алышарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0