607 киши вирус жугузуп, бир бейтап каза болду. COVID статистикасы

© REUTERS / Daniel BecerrilКоронавируска кабылган бейтапты караган медик. Архивдик сүрөт
Коронавируска кабылган бейтапты караган медик. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
Жазылуу
Оору жугузуп алгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Өткөн суткада 607 адамдан коронавирус аныкталып, 122 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 404;
Ош шаары – 14;
Чүй облусу – 97;
Ош облусу – 10;
Талас облусу – 20;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 13;
Жалал-Абад облусу – 24;
Баткен облусу – 20.
Муну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 188 813кө жетти. Анын ичинен 180 862 адам дартты жеңген.
Сутка ичинде оору бир адамдын өмүрүн алып, жалпысынан 2 828 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Стационарда 746, ал эми амбулатордук шартта 2 888 бейтап дарыланып жатканы айтылды.
Ош мэриясынын эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө кырдаал комиссиясы чукул жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
Жума намазда, базарда түшүндүрүү иши күчөтүлөт. Ош шаарынын ооруга даярдыгы
Жаңылыктар түрмөгү
0