Жогорку Кеңеште үч вице-спикерлик кызмат, 8 тармактык комитет түзүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутатынын орун жайы. Архивдик сүрөт
Жогорку Кеңештин депутатынын орун жайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Жазылуу
VI чакырылыштын депутаттары эки вице-спикер жана тогуз тармактык комитет менен иштеген.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңеште сегиз тармактык комитет жана үч вице-спикер кызматы негизделди.
Парламенттин структурасын иштеп чыгуу боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Султанбай Айжигитов бүгүнкү жыйында жаңы түзүмдү сунуштады. Натыйжада эл өкүлдөрүнүн көпчүлүк добушу менен сунуш колдоо тапты.
Комитеттердин тизмеси:
Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети;
Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитети;
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети;
Финансы-экономикалык саясат комитети;
Социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттык сактоо, спорт жана жаштар саясаты комитети;
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети;
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети;
Агрардык саясат, суу ресурстары жана региондорду өнүктүрүү комитети;
Белгилей кетсек, VI чакырылыштын депутаттары эки вице-спикер жана тогуз тармактык комитет менен иштеген.
Депутат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Кыргыз депутатынын төш белгиси 4 миң долларга сатылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0