Тажикстанда эки ай мурда кармалган кыргыз жараны мекенине кайтарылды

© Sputnik / Эмиль СадыровЧек ара кызматкери. Архив
Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
Жазылуу
Тажикстандын УКМК кызматкерлери Кыргызстандын 30 жаштагы Р. Исмаилов аттуу жаранын 1-ноябрда кармашкан.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Тажикстандын чек арачылары тарабынан кармалган кыргыз жараны мекенге кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 2021-жылдын 1-ноябрында Лейлек районунун Арка — Борбордук жолунан Тажикстандын УКМК кызматкерлери Кыргызстандын 30 жаштагы Р. Исмаилов аттуу жаранын кармашкан.
Кыргызстандын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин арты менен Исмаилов 10-январда мекенге кайтарылганы айтылды. Аны Лейлек районунун "Кулунду" өткөрмө пункту аркылуу алып келишкен.
Алматынын башкы аянтында аскерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылган 300гө жакын адам кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0