Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

ӨКМ кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пунктуларына 4 чатыр тикти

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункту
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Жазылуу
"Манас" эл аралык аэропортуна учуп келген Казакстандын жарандарын тосуп алып постторго жеткирүү иштери да жүрүүдө.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Казакстандан аргасыз жер которгондорду жана качкындарды кабыл алууга кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пунктуларына чатырлар тигилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, "Ак жол", "Ак тилек", "Кен-Булуң", "Токмок" өткөрмө постторуна Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10 орундуу төрт чатыр тиккен.
Ошондой эле Бишкек шаардык мэриясы "Манас" эл аралык аэропортуна учуп келген Казакстандын жарандарын тосуп алып постторго жеткирип, мейманканага жайгаштыруу иштерин жүргүзүп жатканы кошумчаланды.
Темир жол вокзалдагы кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандан кыргызстандыктар эвакуацияланды
Жаңылыктар түрмөгү
0