Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Казакстанда абал турукташууда. Брифингдеги урунттуу учурлар

© Фото / пресс-служба ВДВ / Медиабанкка өтүүЖККУнун Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн кол башчысы, генерал-полковник Андрей Сердюков
ЖККУнун Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн кол башчысы, генерал-полковник Андрей Сердюков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Жазылуу
Казакстандын коргоо министринин орун басары менен ЖККУнун Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн кол башчысы маалымат берди.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Казакстандын коргоо министринин орун басары Султан Гамалетдинов жана ЖККУнун Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн кол башчысы, генерал-полковник Андрей Сердюков брифинг өткөрдү. Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram каналы маанилүү маалыматтарды топтоду.
Андрей Сердюковдун билдирүүсү:
ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн Казакстанда бөлүштүрүү аяктады;
аскерлер Алматыдагы жана ага жакынкы райондорундагы маанилүү аскердик, мамлекеттик, социалдык объектилерди коргоп жатышат.
Султан Гамалетдиновдун билдирүүсү:
Казакстанда контртеррористтик операциялар террористтерди толугу менен жок кылып, тартип орнотулганга чейин улантылат;
Казакстанда абал стабилдешүүдө жана бийлик органдарынын көзөмөлүндө;
ЖККУнун бөлүктөрү өзүнүн милдеттерин өлкөдө абал толугу менен стабилдүү болгонго чейин улантат;
тынчтык орнотуучу күчтөрдүн маанилүү объектилерди коргоого алышы казакстандык аскер кызматкерлерине терроризмге каршы иш алып барууга мүмкүнчүлүк түздү.
Как идет переброска кыргызских миротворцев в Казахстан — видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Кыргызстандын аскерлери Казакстанга жөнөп жаткан видео
ЖККУнун өлкөлөрүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ЖККУнун онлайн-саммитин 10-январда өткөрүү пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0